Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Сайназаров: “Өспүрүмдөрдүн, жаштардын билимге умтулуусу артка кеткен жок”

Кеңешбек Сайназаров: “Өспүрүмдөрдүн, жаштардын билимге умтулуусу артка кеткен жок”

03-январь, 09:09
1 578 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү боюнча эксперт, “Тынчтык куруу институтунун” негиздөөчүсү Кеңешбек Сайназаров менен билим берүү тармагында чакан маек курдук.  ЖОЖдордо, мектепте, жаштардын билимге болгон умтулуусу тууралуу суроолорумду берип, жообун алдым.

-- Кеңешбек иним, бүгүнкү шартта жогорку окуу жайлардын, ошол эле мектепте билим берүү жагын бир эле онлайн эмес, башка да жагын караштырса болот беле?

-- Ооба, бүгүнкү шартта билим берүү тармагы бир гана онлайн форматында  токтолуп турат. Албетте, бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму “тиги же бу форматта окуткула” деп айтпаса да негизги эреже катары сунуш кылышкан. Биз салыштырмалуу өнүккөн өлкөлөргө караганда онлайн окутууга же окуу жагына бир аз даяр эмес экенбиз. Муну баарыбыз башында көрдүк. Бүткүл дүйнөлүк пандемия же COVID-19 илдети менен тамашалашып болбойт дечи, бирок, билимди кантебиз? Ошондон улам ЖОЖдорго шахматтык окуу форматта, бир күнү онлайн, бир күнү офлайн кылып: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү онлайн, үйдө отуруп компьютер же ноутбук аркылуу болсо, шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү университетте, институтта, мугалимдер менен жүз көрүшүп дегендей. Ал эми мектептерде биз жайы менен айтып келдик, климаттык шартыбыз туура келип аткан мезгилде класстардын терезелерин ачык калтырып, желдетүү ыңгайында, коопсуздук жоопкерчилигин ата-энелерге жүктөп окутса болорун. Бул жерде билим берүү министрлигин күнөөлөгөн да туура эмес чыгар. Анткени, республикалык штаб деген бар, ошол жерден уруксат бербей кыйнап атышат өңдүү. Бирок, бизде оюн-зоок деген бар, кинотеатрлар ачылды, шайлоо жараянын айтпаганда, ресторан, кафелер, ошол эле базарлар иштеп атат. Бул жагы түшүнүксүз бойдон калууда.  

-- Эми бул көйгөйдү тийешелүү жетекчилер эмне үчүн чечпей келишет?

-- Бул көйгөйдү чечиш үчүн толук кандуу аргументтер болбой жатат окшойт. Билим берүү министрлигинен тышкары саламаттык сактоо министрлигинин республикалык штабы бар. Адамдын коопсуздугуна карап, бир аз кечеңдетип аткан өңдүү.

-- Ушундан улам өспүрүмдөрдүн, жаштардын билимге болгон умтулуусу артка кетип жаткан жокпу?

-- “Өспүрүмдөрдүн, жаштардын билимге умтулуусу артка кетти” деп айта албайбыз. Бул жерде эки-үч фактор бар. Мурун окууга кеттим деп үйдөн чыккан бала ата-эненин кароосунан көмүскөдө калышы мүмкүн эле. А бу жерде өспүрүмдөр ар дайым ата-эненин көзөмөлүндө болуп, кээ бир учурда балага жардам берип, билимге болгон умтулуусун басаңдатпаганга шарт түзүп турат. Ал эми жаштардын ичинен билимдүү болом деген катмар эч качан бир эле форматтагы окуу менен чектелбестен, ар тараптан булактарды изденет. Азыр интернеттин заманы, баарын тапса болот. Бир сөз менен айтканда, окуйм деген бала окуйт. Ал эми окууга ынтызары жок баланы бекер окутсаң да окубайт.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер