Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Бирөө үчүн бирөө добуш бере албай турган механизм киргизилет”

Марлен Маматалиев: “Бирөө үчүн бирөө добуш бере албай турган механизм киргизилет”

02-март, 20:00
415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, депутаттардын жоон тобу кечээ жакында эле Корея Республикасына барып келдиңиздер. Бул иш сапардын эң негизги  натыйжасы эмне болду?

-- Эң чоң жетишкендигибиз – 8 млн. 400 миң доллар кайтарымсыз грант бөлүү боюнча келишимге кол коюлду. Ошол каражаттын эсебинен биздин имараттагы жыйындар залы оңдолуп, техникалык жактан жабдылат. Анын натыйжасында эми бирөө үчүн бирөө добуш бере албай турган механизм киргизилип, ар ким өзү үчүн гана добуш берет. Биз регламент жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып жатканда ошондой механизмдин зарылдыгын белгилеген элек, бирок аны ишке ашырганга техникалык мүмкүнчүлүк жок болчу. Эми буюрса, мындан ары Жогорку Кеңештин, комитеттердин бүт иш процесстери заманбап технологиялар менен жүргүзүлөт.

-- Парламентаризм жагынан алардан үйрөнө турган кандай нерселер бар экен?

-- Ал жакта сөз эркиндиги ушунчалык өнүгүптүр, парламенттин имаратынын ичинде сырттан келип митинг уюштурганга уруксат берилет экен. Мисалы, биз барган учурда бир топ киши колдоруна плакаттарды көтөрүп, өздөрүнүн президентинин аялына каршы акция өткөрүп жатышкан экен. Анан албетте, парламент депутаттары үчүн бардык шарттар түзүлүптүр. Айлыктары да жогору, жардамчы, кеңешчилери да көп дегендей. Айтор, алардан үлгү алып, үйрөнө турган нерселер арбын экенине ынандык. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер