Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келечекке карай Райымбек Матраимовдун кел-келин унутпайлы...

Келечекке карай Райымбек Матраимовдун кел-келин унутпайлы...

11-декабрь, 22:15
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Тойдум байдын кызына” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Райымбек Матраимовдун Кыргызстандан чыгып кеткени туура болду. Артынан жамандаган айрым блогер, жазмакер сөрөйлөр “таш ыргытып” кала беришти. “Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун” демекчи, эми кыйкырганда эмне? Суу кечпейт. 

Негизи жашоодо көп оош-кыйыштар болот тура. Мартабасы көтөрүлүп, урмат-сыйга ээ болгон адамга сыноолор, эчен кыйынчылыктар ыроолонсо, алардын баарын сабырдуулук менен татыктуу жеңүүгө бел байлаш керек экен. Ушул күндөрү Райымбек Матраимов өткөн чакка саресеп салып, эски плёнканы артка түрдүргөндөй баарын көз алдынан өткөрүп, ийгиликтери менен катачылыктарын сыдыргыга салып, акыл калчап аткандыр. Жалган жашоодо ар дайым күтүүсүз көрүнүштөр, түрдүү “белектер” ыроолонуп турат эмеспи. Мындай шартта өткөндөн сабак алып, алдыга гана умтула берүүнүн вазыйпасы бар. Ооба, көкүрөк түпкүрдөгү аруу тилектер, кыялдар бир күнү орундалат.

Саясат негизи сымап сымал кылтылдап, бир ордунда турбасын билебиз. Келечекке карай Райымбек мырзанын кел-келин унутпайлы... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер