Акыркы кабарлар
» Коом » Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы ооруканадан чыгууга даярдалып жатат
Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы ооруканадан чыгууга даярдалып жатат
20-май, 20:50

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда омурткасына ок жеген чек арачы Султанбек уулу Мирбектин абалын дарыгерлер дагы эле “туруктуу оор” деп баалап жатышат.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев «Азаттыкка» билдиргендей, жоокерге эки жолу операция жасалган, андан кийин жаңы операция болгон жок. Биринчиси Баткенден, экинчиси Бишкекке келгенде ичегисине жасалган. Үмөталиевдин айтымында, азырынча бейтап төшөктөн тура элек. «Азыр деле туруктуу оор. Эсинде эле. Тамак ичет, сүйлөйт. Динамикасы оң» деди ал.
Ал эми көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан азыр ооруканадан чыгууга даярдалып жатканы маалым болду.