Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Кыргыз Эл Баатырын Чубак ажыга берүү маңкурттук”

Гүлзат Аалиева: “Кыргыз Эл Баатырын Чубак ажыга берүү маңкурттук”

24-июль, 13:31
10 311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, Кыргызстанга белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун көзү өткөнүнө бир жума боло электе анын фанаттары “Чубак ажыга КР Эл Баатыры наамын берели” деп чыгышты. Ушул боюнча сиздин ойду уксак дедим эле?

-- Дин таратуучу Чубак Жалиловдун көзү өтүп, анын некрологуна "белгилүү ханафит" деп жазышты. Бирок, бул чындыкка такыр дал келбейт. Анткени, ата-бабабыз кабыл алган ханафи мазхабы жана анын негизин түзгөн Мухаммед пайгамбар өзү 622-жылы кабыл алган Медина келишими Чубак Жалилов тарабынан одоно бузулган. Демек, кыргыз элин араб, орус, кытай ж.б. эмес, нукура кыргыз кылып жасаган Жараткандын эркине каршы чыгып, Мухаммед пайгамбар 622-жылы кабыл алган Медина келишимине "чыйт" түкүрүү аркылуу Чубак Жалилов кыргыз эли үчүн салттуу болуп саналган ханафи мазхабына көз көрүнөө чыккынчылык жасап, кыргыз элине салафиттик, вахабиттик ж.б. мүнөздөгү чоочун агымдарды таңуулап, кыргыз баалуулуктарын ачык эле жериген. Мындай жосунду Аллахтын эркине, Мухаммед пайгамбардын 622-жылы кабыл алган Медина келишимине, ата-бабалар кабыл алган ханафи мазхабына, кыргыз эли менен анын материалдык-руханий баалуулуктарына каршы жасалган кылмыш деп баалоого болот. 

Эми болсо кыргыздын көрөңгөсүнө эле эмес, салттуу ханафи мазхабына тарыхый душмандык кылган, кыргыздын тээ байыркы тамырын кыюуга кылмыштуу аракеттерди жасаган Чубак Жалиловго эл баатырлыгын, көчөгө атын сунуштаган маңбаштар пайда болду. Андай болсо, биротоло эле Коңурбай, Абыке, Көбөш сыяктуу Айкөл Манастын кас душмандарын эл баатыры кылып таштагыла! Кыйындыгыңарды көрөлү! Жер жамандап барбасын, бирок, айтууга туура келип жатат. Себеби, Чубак Жалилов бир кезде кыргыздын залкар эпосу Манасты” “жарымы жалган, жарымы чын. Жарандардын көөнү үчүн" деп турат. Демек, бул жалган жомок деп шылдыңдуу, мыскылдуу, табалуу формада айткан. 

Башканы койдум, Чубак Жалиловдун оозу-мурду кыйшайбай туруп эле "эки атанын балдары үйлөнсө болот" деп, бабам кыргыздын көөнө салты менен улуттук генофондуна каршы сүйлөгөн видеолорун кайда алып барабыз? Мындан башка да бабам кыргыздын салттарын "харам", ичимдиктерин "ширк" деп, улуттук ар-намысын жерге тебелей түшүрүп, кыргыз жаштарынын аң-сезимин өчүрүп, духун түшүрүп келген толтура материалдар бар. Ал эмес "Чыңгыз Айтматовдун китептерин да окууга болбойт!" дегендей жолго куулук менен сөз кымтый сүйлөгөнү да бар. 

Каяктан көрдүңөр эле молдолорго наам ыйгарганды? Ал эмес ислам динин түптөгөн Мухаммедге арабдар эл баатыры деген наам беришкен эмес! Анан кайдагыны айтып жатасыңар?! Кыргыз маданиятына эмгек сиңиргенсип... Эмне, кыргыз элинин башы шишиди беле, өз тегин жерип, сырткы элдин маданиятын таңуулаганга наам ыйгаргыдай?! Жогору жакта отургандар, элди ушундай дүргүтүп жаткандарды жоопко тартуу керек тез арада! Көрүнгөнгө эле көчө атын, Эл Баатырын бере берүү – эмне, оюнчук беле? Ойлонуп иш кылгыла! Арабдын тозокту элестеткен чөлүндө эмес, Теңир-Тоонун бейиштей төрүндө орун алган Кыргыз өлкөсү светтик мамлекет экени, аны араб пайгамбары Мухаммед эмес, Теңирге ант берген Айкөл Манас жана Барсбек өңдүү теңирчи аталарыбыз курганы эстен чыкпасын!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер