Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илмиянов жети жылга кесилип, мүлкү конфискацияланды

Илмиянов жети жылга кесилип, мүлкү конфискацияланды

30-октябрь, 12:24
446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Бишкек шаарындагы Октябрь районук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айып салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. 

Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.

Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. 

Эске салсак, Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып коюлган. Прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

А бүгүн, Октябрь райондук соту Илмияновду жети жылга кесип, үй-мүлкү конфискацияланды.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер