Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиевди каралоонун артында кандай оюндар бар?

Камчыбек Ташиевди каралоонун артында кандай оюндар бар?

26-август, 17:57
2 881 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чыныгы реформа коомдун бир бөлүгүн канааттандырбагандай эле, чындап эл, өлкө үчүн иштегендер деле коомдун тар катмарына жакпайт тура. Болбосо, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата бүгүнкүдөй каралоолор, ал тууралуу негативдер болмок эмес. Анын батыл, эрктүү, чечкиндүү иш-аракеттери элдин көпчүлүгүнө жакканы менен мамлекетти талап-тоногондорго, коррупцияга малынгандарга жакпай, чок баскандай секиришүүдө. 

Натыйжада, каарманыбызды эл көзүнө мокочо көрсөтүүгө жандалбас кылып атышат. Андайлардын аракети эптеп эле Ташиевди УКМК төрагалыгынан кетирүү экени айдан-ачык болуп калды. “Президент менен алакасы бузулуптур” деген тариздеги маалыматтарды ойлоп чыгарышып, туш-тушка тараткандардын максаты да ушуга багытталган. Алар Камчыбек Ташиевди кетирсе эле анын ордуна ким келбесин, коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагындагы кустуруу токтой тургандыгын эң жакшы түшүнүп жатышат. Туура логика. Башка адам андай иш алып бара албайт. Ким экенине, саясаттагы салмагына карабай кылмыш иштерин козгоп, камап, мамлекеттен уурдагандарын кайтаруу Ташиевден башканын колунан келбей турганын калыстык үчүн белгилей кетели. Бул кээ бирлерге жагабы-жокпу, бирок моюнга алчу чындык. Анүчүн Ташиевдикиндей жүрөк, дух жана эрк керек! 

Эми Ташиевди алып түшүүнү” каалаган күчтөр Камчыбек мырзаны “алдыдагы шайлоого катышып, парламентке барып, спикер болот экен деген маалыматтарды тарката башташты. Кыязы, ушундай жол менен каалоонун реалдуулукка айланып кетүүсүн көздөп жатышат окшобойбу?.. Албетте, аларга спикер болуусу эмес, УКМК төрагалыгынан кетүүсү өтө маанилүү болуп турат. Келерки парламенттин спикери ким болорун убакыт көрсөтөр. Бирок Камчыбек Ташиев ЖК төрагасы болсо, андан элибиз, мамлекетибиз гана утуш алат. Бул жагынан Камчыбек мырзада саясый тажрыйба да, бекем эрк да жетиштүүАл парламенттин көз карандысыздыгын, өз алдынчалыгын камсыз кылган төрага болмок. Ал эми өлкөнүн саясый, экономикалык өнүгүүсүндө Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгы чоң роль ойной турганына аксиомадай эле ынанып бүттүк.

Натыйжада, азырынча шайлоого бара турганы боюнча так маалымат жок. Убакыт көрсөтөт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер