Кээде ажырашып кутулайын дейм, бирок кыздарымды ойлоп токтоп калам


Күйөөм менен жашаган алты жыл аралыгында үч кыздуу болдум. Кичүүмө жети ай толгондо, төрөттүн азабы, күйөөнүн кыянаттыгы кошо сыноо болду. Мен ооруп жатсам, ал башка кыздар менен мамиле куруп жүргөнүн угуп, жүрөгүм ого бетер жараланды.
Кыздарымды жетелеп төркүнүмө кеттим. Кайын журтум кайра алып келишти. Күйөөм болсо "Москвага иштейм" деп чыгып кетти. Андан бери кабары жок, акчасын да көргөн жокпуз. Ар кимден карыз сурап жашайт.
Кээде ажырашып кутулайын дейм, бирок кыздарымды ойлоп токтоп калам. Бактыма – кайын журтум камкор. Ошентсе да түн ортосунда көз жашымды тыя албай ыйлап чыгам. Бир гана асыл тилегим кыздарымды аман-эсен чоңойтуп алуу болуп турат.
Сезим











