Марс Сариев: “Азыр баардык жакта абал курчуп баратканда кризис-менеджерге муктажбыз”

-- Министрлер кабинетинде алмашуулар күбө болдук. 12-октябрда министрлер кабинетинин төрагасыУлукбек Марипов кызматтан кетип, анын ордуна экономика жана финансы министриАкылбек Жапаровкелди. Бул кадр алмашуулардан кандай жыйынтык күтсөк болот?
-- Ооба, Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров аппарат жетекчиси да, премьер-министр да болору болжонгон. Аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касманбетов мамлекеттик катчылык кызматына орун которду. Бийлик алмашуулар туура жүрүп жатат. Акылбек Жапаров өзү кризис-менеджер, экономист, Кумтөр менен болуп жаткан окуяда өзүн кризис-менеджер экенин көрсөттү. Азыр баардык жакта абал курчуп, баа көтөрүлүп турганда кризис-менеджер керек. Акылбек Жапаров туура эле келди. Сүйүнбек Касманбетов идеологияны башкарат. Бул дагы туура тандоо. Бийлик адекваттуу, туура аракеттерге кадам таштоодо.
-- “Акылбек Жапаровдон башка кадрлар жокпу?” деп эл нааразы го...
-- Аябай сын пикирлер көп. Бирок экономика жагынан кризис-менеджер катары күчтүү адис. Азыр мен башканы айта албайм. Акылбек Жапаровдун көйгөйдү чечип берерине ишенем. Кумтөрдө деле анын жардамы чоң болду. Азыркы убакта ушундай адамдар керек. Бийликти эл Кумтөр үчүн да колдоп жатат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити