Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркектерге айымдардын төмөнкү адаттары жакпайт:

Эркектерге айымдардын төмөнкү адаттары жакпайт:

19-октябрь, 12:11
1 461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

· Дайыма жолдошуна ишенбей, же болбосо кызганып, көзөмөл кыла берген аялдар эркектерди чарчатат жана ачуулантат. 

· Кайда жүргөнүн тактап телефон чала берүү – эркектерди ишинен алаксытышы мүмкүн. 

· Эгерде жигиттин сүйлөшкөн кызы же жубайы керээли-кечке эле социалдык тармактарда отурса жана айланасынын баарын сүрөткө тартып жүктөй берсе, жаңы бышрган тамагын ооз тийе электе эле соцтармакка сүрөтүн тартып бөлүшсө, эркектер мунун баарынан тез эле чарчап кетет. Анткени жеке жашоосуна мейкиндик калбай калды деп эсептейт.

· Эркектер өтө эле күчтүү эркек мүнөз аялдарды дагы жактырбайт. Мындай айымдар көп учурда эркек менен теңтайлашып, атаандашып чыга келишет. Ошондуктан мындай айымдарга “апасынын баласы” болгон эркектер гана жагып, калган эркектерди чүнчүтүп жиберет.

· Тарбиясыз, сөгүнгөн кыздар, аялдар дагы дагы эркектерге жакпайт.

· Зыяндуу адаттары бар, мисалы, ичимдикти жакшы көргөн, чылым чеккен айымдарды дагы жактыра беришпейт.

· Ашыкча эле камкор боло бере турган аялды дагы эркек жактырбайт. Мындай айымдар мыкты кожойке, мыкты бала багуучу болуп, кир жууп, үй жыйнап эле турмуш-тиричиликке баш-оту менен кирип кетпестен күйөөсүнө дагы ашкере камкор болуп кетет. Албетте, айрым эркектерге муну такыр баалабайт.

· Өзүн карабаган аялдар. Сырткы келбетин карабаган аялдар дагы эркектерге жакпайт. Эркектердин басымдуу бөлүгү визуалдар, тактап айткандакөзү менен баалоочулар.

· Өтө эле алсыз боло берген аялдар. Эркексиз эч нерсе кыла албачудай болгон аялдарды дагы мырзалар көп жактыра беришпейт. Жана да тескерисинче,   каныша аял, же тактап айтканда, бой көтөрө берген аял дагы жакпайт.

Ошондо эркектерге деги ким жагат?

Албетте мээримдүү, жагымдуу, өзүн тың караган жана өзү менен өзү шайма-шай болгон аялдар эркектерди өзүнө тартып турат жана анын жанында эркек да өзүн бактылуу сезет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер