Акыркы кабарлар
» Саясат » Канат Жумагазиев өз милдетин аткарат, министр болуу ниети жок
Канат Жумагазиев өз милдетин аткарат, министр болуу ниети жок
09-январь, 19:30

Акыркы айларда Улан Ниязбеков менен Канат Жумагазиевди чагыштырууга, интрига жасоого аракет кылган күчтөр байкалууда. Ички иштер министри алмашары боюнча жомоктор токулуп, ар кандай айың-кептер козуганы жашыруун деле эмес. Натыйжада, Канат Жумагазиевдин министр болору талкууга алына баштады. Бул боюнча биз ага байланышып, так кесе жооп алдык. “Мен өз жумушумду аткарайын, алдыга койгон көп пландарым бар, ушактарга ишенбегиле...” деген таризде Канат мырза жооп узатты. Аныгында, ИИМге келүүгө ниети жоктугун баса белгиледи. Албетте, мамлекеттик жетекчилер интриганын жетегинде эмес, өз багыттары боюнча тийешелүү милдеттерин аткарышы керек.
Кыскасы, эки жетекчинин өз орундары бар. Айрым “бузук телефондорго” азгырылбашса керек..."Азия Ньюс" гезити