Замир Айылчиев, эксперт: “Эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген улан-кыздар колдоого алынбай келет”


-- Замир мырза, билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 10 баллдык система киргизилери тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Бул нерсе реформанын башталышыбы же жөн эле убаракерчиликпи?
-- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги 10 баллдык системаны киргизгени жатат. Бул туура эмес. Бул нерсе убакытты, каржыны да жөн эле коротот. Чынында реформа кылчу көп маселелер бар. Убакытты текке кетирбей, ошолор менен алек болсок. Былтыр мектепте китеп жетпеген чоң көйгөй бар эле. Ошол маселени толук кандуу чечүүнүн жолу табылдыбы?
Эгер билим берүү системасын өзгөртүүнү ойлосок, балдарды менталдык жактан дагы күчтүү, билимдүү кылабыз десек, Финляндия же Япониянын ыкмасын колдонуп, биринчи класстан төртүнчү класска чейин баа коюу системасын алып салганыбыз оң. Же болбосо дүйнөлүк стандартка туура келген 100 баллдык системаны киргизип, билим берүүнүн сапатын жакшыртсак болот. Тагыраагы, мектептердин окуу программасын жаңылап, жаңы сабактарды киргизип, эскисин алып, окуучуларды замандын талабына ылайык окутууну жолго салсак, абдан пайдалуу нукка түшмөкпүз.
Замандын талабына ылайык бүгүнкү күндө балдар долбоор жазганды, тез окуганды, англис тилин мыкты методика менен үйрөнгөндү өздөштүрүшү керек. Ошондой эле финансылык жактан билим алса, өздөрү үчүн жакшы да. Анткени, кыргыздар акчаны анча үнөмдөгөндү билбейбиз. Кыскасы, министр мына ушундай иштерди колго алса, балдар үчүн, башкалар үчүн да пайдалуу болмок.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри ушундай идеяларды президентке сунуштап, ынандыра алса, министрдин да, башкалардын да убактысы элге мүмкүнчүлүк түзүүгө арналат эле. Себеби, убакыт баарынан кымбат. Балдар мектепте окуган мезгилинде татыктуу билим алышы керек. Анткени, билимдүү кадрлар мамлекеттин келечеги. Балдар 8-класстан баштап профилдик багыттарга өтсө, кесип тандоодо эч ким кыйналмак эмес. Ар бир адам өзүнө жаккан багыты менен кетмек. Мезгилден артта калбай онлайн форматта билим алууну өздөштүрүүнү үйрөтүшүбүз керек. Ошондой эле билим берүү министрлиги чет мамлекеттеги окуу жайларга кантип өтсө болорун, кандай программалар бар экенин элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсе, кыргыздын таланттуу улан-кыздары жакшы окуу жайлардан билим алышып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошушмак да.
Мен билгени мамлекетте химия, биология сабагынын мугалимдеринин көбү 60 жашка чукулдап калды. Кээ бир тармактарда адистер жетишпеси байкалып эле турат. Ошон үчүн пландуу иш кылсак, зарыл болгон кадрларды даярдасак, кадр таңкыстыгы да жоюлмак жана кандайдыр бир деңгээлде мамлекетибизде өзгөрүүлөр жана өсүүлөр болот эле.
-- Илимге маани бериле баштадыбы?
-- Илимдер академиясына эч бир президент көңүл бурган эмес. Садыр Жапаровдун демилгеси менен гана толук кандуу реконструкция болуп, оңдоо-түзөөдөн өтүп жатат. Буюрса, бул нерсе дагы илимге салым кошуп, маани берилерине бекем ниеттемин. Кыскасы, министрлик мындан дагы көбүрөөк иштеши керек деген ойдомун.
-- Эмне үчүн "Алтын сертификат", "Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөрдү жана эл аралык олимпиадалардан алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жогорку деңгээлде сыйлай албайбыз? Спортчулардай эле мамлекет тарабынан стимул берилип, кандайдыр бир шартта шыктандырышса болот беле?
-- “Ала-Арча” резиденциясында президент өзү жеке кабыл алып, аларга сый акы берип, шыктандырып, жаштар Кыргызстандын келечеги экенине ишеним артып, ар тараптан колдоо берерин ар дайым айтып келет. Бул дагы жакшы жөрөлгө.
Эл аралык предметтик олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген улан-кыздар тийиштүү колдоолорго ээ болбой келе жатканы чын. Себеби, мамлекет илим жаатында аракетти эми баштады. Ошентсе дагы бир нерсе жетишпегендей. Мамлекеттин билим берүү саясатын жүргүзгөн билим жана илим министрлиги жогоруда айткандай, алдыңкы орундарды алган окуучуларга шыктандыруучу байгелерди (мүмкүн, унаа же каражат, балким, квартира сыяктуу) бере баштаса, билимдүү улан-кыздарыбыз мындан да чоң ийгиликтерди жаратат. Ошондой эле жөнөкөй адамдар да билим мамлекеттин келечеги экенин түшүнүп, баары окууга дилгир болууга аракет кыла башташат эле.
Математика боюнча 10-класстын окуучусу дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алып келди. Баарыбыз кубандык. Ошондо “билим берүү министри аба майдандан тосуп алышы керек” деп пост жазгам. Министр аба майдандан тосуп алганын угуп, элдин, жарандардын сунуш-пикирин эске алганына ыраазы болдум.
"Азия Ньюс" гезити











