Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Тышкы карыздын графигин убагында төлөй турган механизмдер керек”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Тышкы карыздын графигин убагында төлөй турган механизмдер керек”

13-февраль, 21:21
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, быйыл эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген 74 өлкө тышкы карызын тейлөөгө 35 миллиард доллар бөлүшү керек. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 45 пайызга көп. Пандемиядан улам мамлекеттердин тышкы карызы жалпысынан 300 триллион доллардан ашып, жалпы дүйнөлүк ИДПнын 350 пайызын түздү. “Пандемия башталгандан бери көптөгөн жакыр мамлекеттер кредиторлордон карыз төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүүнү суранып жатат. Албетте, мындай мамлекеттер дүйнөлүк экономиканын өнүгүп же төмөн кетип калышына көп таасир эте албайт. Бирок аларга карыз берген ири мамлекеттер канчалык жоготууга учурап жатканы маанилүү" дешет Дүйнөлүк банктын адистери.

Ошентип, учурда дүйнө тышкы карыз боюнча бир топ оор абалда турат. Тышкы карыз боюнча биздин өлкө кандай абалда? Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Шумкарбек Адилбек уулуна суроо узаттык. 

-- Айрыкча пандемиядан бери тышкы карыз жакыр өлкөлөргө оорчулук жаратты. Биздеги бул боюнча көйгөй келечекке коркунуч жаратпайбы?

-- Өзүңүздөр белгилеп кеткендей, пандемия убагында тышкы карыздардын көлөмү көбөйүп, ошонун жыйынтыктарын, кесепеттерин эми тартып, экономикага күч келип жатат. Негизинен алып карасак, өнүгүүгө жараша максат коюшуп, мамлекеттин керектөөсүнө ылайык карыз болушат. 

Азыр экономиканын абалы ички дүң продукцияга келип такалат. Дүйнө боюнча ушундай. Ошондой эле өлкөнүн алтын резервдерине жараша, ошону менен бирге  өлкөнүн бюджетине ылайык башка өлкөлөр, же абройлуу уюмдар көрсөткүчтөргө карата мамлекеттерге карыз беришет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын карызы мен айтып кеткендей, ички дүң продуктынын көлөмүнө карап, биздеги чогулган алтын резервдин көлөмүнө жараша сырттан карыздарды алып турууга мүмкүнчүлүктөр бар. Сырттагы карызды өлкөдөгү бюджеттин жетишсиздигин жабуу, кандайдыр бир мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, же башка мамлекеттин керектөөсүнө карап алат.  

Пандемия убагында көп өлкөлөр карантинде калып, иш солгундап, өлкөнүн экономикасы токтоп калган учурлар болгон. Ошол учурларда экономика токтоп туруп калса дагы социалдык төлөмдөр сөзсүз түрдө ишке ашуусу шарт. Анын ичинен пенсия, пособие, айлык акы, ошол эле учурда пандемия менен күрөшүүдө дагы сөзсүз түрдө медициналык жана инфраструктуралык чыгымдар керек болчу. Өлкөдө ошолорду жаба турган акчалар болсо, бюджеттин киреше булактары, киреше көлөмү жетиштүү көтөрүлсө, өзүнүн күчү менен эле жаап кетет. Ал эми андай акча жок, сырттан же ичтен карыз алууга туура келет. Кыргызстанда менин билишимче, пандемия менен күрөшүүдө сырттан карыз алган. Ал карыз эми келечектеги киреше булактарынан акырындан төлөнөт. 

-- Тышкы карызды жабууга бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-- Тышкы карыз болсо эле “баары жаман, өлкөнүн экономикасы өнүкпөйт” деген корутунду дагы туура эмес. Себеби дегенде, көп учурларда экономиканын көлөмүн чоңойтууда, айрыкча инфраструктуралык чоң долбоорлорду ишке ашырууда көп мамлкеттер тышкы-ички карыз алышат. Себеби, андай долбоорлорду бюджеттин бир жылдык көлөмү менен да ишке ашыруу мүмкүн эмес. Муктаждыктар ишке ашкандан кийин салык түрүндө же кошумча кандайдыр бир төлөмдөр түрүндө созулган узун этапта жабылат. Тышкы карызды дагы дипломатиялык сүйлөшүүлөр, саясый алака менен жабуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Ошондой эле тышкы карызды башка дагы карыз алуу менен жапса болот. Мисалы, бир өлкөдөн 500 миллион карыз алсак, анын 200-300үн жаап, дагы жетпегенин башка өлкөлөрдөн алып жапкан учурлар кездешет. Негизи ички жарандардан, банктардан каражат алып, сырткы карызды тейлөөдөгү сумманы жаап турсак да болот.    

Коомдо терс түшүнүк бар: “Тышкы карызыбыз 4 миллиард доллардан ашып кетти. Аны эртең эле жабыш керек” дегендей. Бул 4 миллиарддын ар жыл сайын жаба турган графиги бар. Эгер ошол ай сайын жаба турган сумма салык катары чогултулса, тышкы карыз боюнча кооптонбой деле койсок болот. Бул дүйнөлүк практикада кеңири тараган жол, инструмент. Ошондуктан мындан чочулабаш керек. Тышкы карыздын графигин убагында төлөп тура турган инструменттерди, механизмдерди иштеп чыгып, ошону менен экономикабызды өнүктүрө берсек болот.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер