Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганы маалым болду

Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганы маалым болду

16-март, 18:20
804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганын Sputnik агенттигине Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурда аталган райондо туулган күнгө барган адамдар тамакка ууланып, алардын экөө каза болгону айтылган. Жабыркагандар ооруканага дароо кайрылышкан эмес. Санэпидем көзөмөл борборунун кызматкери Гүлжан Жээнбаеванын айтымында, ууланган эки киши учурда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал эми 11 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланууда, абалдары туруктуу оор.

Лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында туулган күндө дасторконго коюлган ширелерден, салаттан, бадыраңдан ботулизмди козгогучтар аныкталды” деди Жээнбаева.

Ош шаарынын аймагында үй шартында консерваланган азыктарга карата рейддер уланып жатканы, акыркы эки күндө калаанын борбордук базарынан 150 литрден ашык чапталган продукциялар лабораторияга жөнөтүлгөнү айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер