Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Батыралиев: “Эмдөө темпи өтө төмөн, мамлекеттик деңгээлдеги чечим керек”

Талант Батыралиев: “Эмдөө темпи өтө төмөн, мамлекеттик деңгээлдеги чечим керек”

17-декабрь, 11:28
1 626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ковид боюнча акыркы абалга кандай ойдосуз? Жайылып кеткен “омикрон” штаммы тууралуу да пикириңизди уксак?

-- Албетте, ковиддин аз болгону баарыбыздын каалообуз, тесттердин санын балдарда, жалпы элде жасасак дагы азаят. Дагы орчундуу жагдай – диагностика, кээде анализдерди жөнөтүп, 20-30 күндөн кийин жыйынтыгын алабыз. Анча убакыттан кийин ал жыйынтык жарандарга же конкреттүү сыркоого кереги жок. Бул көйгөй тезинен чечилиши керек.

Пандемия – дүйнөлүк апаат. “Кудай сактап, бизди аттап өтүп кете берет” деген жаңылыш ой. Буга бир катар өлкөнүн азыркы абалы күбө. Алар Грузия, Европа, Молдова жана Түштүк Корея. Учурда Кореяда акыбал оор, медиктер жетпейт. “Медперсоналдар жетишпей жатса, койка ачышат” деп медиктер өкмөткө нааразы. Мындай кайчы пикир аз эмес.

-- Эмдөө темпи бизде төмөндөй...

-- Эмдөө темпи өтө төмөн. Эми бул маселе мамлекеттик деңгээлдин кароосунда болуп, жаңы чечимге муктаж. Кечээ жакында эле үлгү көрүнгөн өлкө Түштүк Корея медициналык системанын коллапсынын босогосунда турат. Ар бир жаранды, мамлекеттик кызматкерлерди, айрыкча саясатчыларды ковидге каршы жоопкерчиликти сезип, жалпы дүйнөлүк күрөшкө көмөктөш болуусуна чакырам.  


"Омикрон" тууралуу фактылар

 2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителаларына туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга али эрте экени айтылат.

Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган. Учурда аталган штаммдын 60тан ашык мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Эске салсак, Кыргызстанга 1-декабрдан тарта коронавирустун жок экендигин көрсөткөн анализ менен кире алышат. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.

Кечээ Улуу Британияда "омикрон" штаммы жугуп, бейтап каза болгон биринчи учур катталды.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер