Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев: “Ковид ондогон жылдар бою мутация түрүндө коркунуч жарата берет”

Талантбек Батыралиев: “Ковид ондогон жылдар бою мутация түрүндө коркунуч жарата берет”

16-май, 09:00
511 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талантбек мырза, ВОЗ (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму) “пандемия бүттү” деп расмий айтып чыкты. Демек, аны адамзат кадимки эле грипп, сасык тумоо сыяктуу кабыл алып, анын протокол дарылоосу бир жерге токтоду көрүнөт, бу боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?

-- Ооба, ВОЗ чындап эле “пандемия бүттү” деген корутундуга келди. Бирок, пандемия башталгандан бери кээ бир өнүккөн өлкөлөр бул илдетке тийешелүү түрдө маани берген жок. Өз алдыларынча далалаттанышты. Адамдардын өлүмү боюнча Америка, Бразилия, Италия, Индия жана башка бир катар өнүккөн өлкөлөр мамлекеттик жогорку деңгээлде мамиле кылбады. Экономикалык себептерди эске алышып, пандемияны ар кандай жолдо мезгилсиз токтотуп, анын кесепеттерине карабай жокко чыгаруунун аракетин кылышты. Акырында ВОЗ расмий түрдө “пандемия бүттү” деп дүйнөгө жарыя кылды. Бирок, мындай дегенибиз менен анын кесепеттери ондогон жылдар бою жүрө берет. Ковид биз менен калат, жашайт жана ар кандай мутацияга дуушар боло бермекчи. Чын-чынында төш тиреген күчтүү деген өлкөлөрдө таасири оор, бизде андан бетер кыйын болду. Себеби, бул илдетти биз инфекциялык оору катары атайын жабдылган клиника, ооруканалар менен камсыз кыла албадык. 

-- Ковиддин запкысы өтө эле оор болду. Азыркыга чейин тартып келишет. Бу жагынан биздин саламаттык сактоо тармагы кандай чараларды көрүүдө? Эмнени байкап атасыз жана сиздин бул боюнча кеңешиңиз?

-- Ковид адамдагы баардык ооруган органдарга таасирин берди. Ал башталганга чейин эле заманбап медициналык аражаттар, кычкылтек аппараттары бизде баардык муктаждыкка жетишерлик түрдө жабдылышы керек эле. Андай болбоду. Бир сөз менен айтканда, ковиддин запкысын абдан тарттык. Пандемия убагында жүрөк ооруларына байланыштуу өлүмдөрдүн саны анын кесепеттери аябай өстү жана ага каршы тийешелүү чаралар көрүлбөдү. ВОЗ “пандемия бүттү” деген менен биз эч качан бошоңдобошубуз керек. Анын таратуучу инфекциясы ондогон жылдар бою мутация түрүндө адамзатка коркунуч жарата бермекчи. Андыктан, буга чейин коронавирус илдети менен ооруп айыккан адам да ар дайым доктурдун көзөмөлүндө болуп, тармактуу адистердин кеп-кеңешин угуп, керек болсо өз убагында профилактикалык дарылануу жагын унутка калтырбаганы оң.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер