Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жеңиш Жоробеков КМШ өлкөлөрүндөгү сейрек кездешкен кадр”

“Жеңиш Жоробеков КМШ өлкөлөрүндөгү сейрек кездешкен кадр”

03-сентябрь, 20:28
3 104 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына Жеңиш Жоробеков жетекчи болуп келгени кандай жетишкендиктер болууда? Келечекке карай дагы өзгөрүүлөрдү күтөсүзбү?..” деген собол таштадык.

Азизбек Турсунбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-- Мен Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеп турганда, Жеңиш Жоробековду облустук ички иштер башкармалыгына сунуштагам. Себеби, Тогуз-Торо РИИБ начальниги кезиндеги, андан мурунку ишмердиктери менен тааныштыгым бар эле. Жеңиш милициянын ишине берилген, кесипкөй, таза кадр. Билимин, тажрыйбасын мамлекетибиз үчүн пайдаланыш керек. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектөөдө көптөгөн ийгиликтерге жетишерине ишенем. Азыр жумушу мыкты, көп жаңылыктарга күбө болуп жатабыз. Буюрса, Жеңиш Жоробеков багындыра турган бийиктиктер али алдыда...

Дина Абсатар, Sports Awards долбоорунун негиздөөчүсү: 

-- Жеңиш Жоробеков келгенден бери жол кайгуул кызматынын жумушу ачык чагылдырылып, баардык маалыматтар жеткиликтүү болуп калды. ЖМКлар менен тыгыз иш алып барылып, жарандарга түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп баштады. Жол коопсуздугу атайын дрондордун жардамы менен күзөтүлүүдө. Ошондой эле кызматкерлерди окутуу демилгеси ишке ашып жатат. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Кызыл Ай” коому менен биргеликте жол кырсыгына кабылганда жүргүнчүлөрдү унаадан туура алып чыгууну, “тез жардам” кызматы келгенче биринчи жардамды көрсөтүүнү өз кызматкерлерине окутуп, үйрөттү. Ысык-Көлдө КМШ мамлекеттеринин арасында жаш тескөөчүлөрдүн жарышы уюштурулду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча жаштарды окутуу жүрүп жатат. Бул өтө чоң жетишкендик. Бүт республика боюнча атайын окутуулар жүрүүдө. Бул да Жеңиш байке келгени өнүгүүдө. Жаңы жабдуулар менен жабдылып, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча буга чейинки каталар ондолуп, "Ураган" жана башка баардык техникалар, автотранспорттор жаңыланды. Өлкөдө болуп жаткан жаратылыш кырсыктарында бир эле ӨКМ эмес, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери дагы алдыңкы катарда жүргөнү айтылбай келет, аны да баса белгилеп коёлу.

Жылдыз Жолдошева, коомдук ишмер:

-- Жеңиш Жоробеков жөнүндө жакшы сөздөр көп айтылат, бирок мен аны жакындан тааныбайт экенмин. Жалал-Абадда губернатордун орун басары болуп иштеп кеткенимден соң, көптөгөн жакшы инсандар менен мамилем сакталып калды. Мына ошол мыкты инсандар Жеңиш мырзанын Жалал-Абад облусунда УВДнын жетекчиси катары иштеген кызматына жогору баа беришер эле. Кийин менин кичи мекеним Ош облусунда УВДны жетектеп калды. Жердештерим да “татыктуу жетекчи” деген бир гана жылуу сөздөрүн айтышты. Азыркы ээлеген кызматында, албетте, жакшы көрсөткүчтөрдү, заманбап реформа жүргүзөрүнө ишеним арталы.

Бизде автокырсыктан каза болгондордун саны азайбай, көбөйгөнү өкүндүрөт... Ушул маселеге көбүрөөк көңүл буруп, дыкат чечүүнүн үстүндө иштесе дейт элем.

Көптөгөн чечилбеген маселелер бар, мен ишенем, Жеңиш мырза алгылыктуу реформа жүргүзөт деп. Ачыгын айтсам, Жеңиш Жоробеков ИИМдин кайсы тармагын жетектебесин, жоопкерчилик менен тартып кете алат. Күчтүү кадрлардын бири, мен ага ийгилик каалайм.

Талант Исаев, ИИМдин мурдагы орун басары, генерал-майор:

-- Жеңиш Жоробеков мырзаны 15 жылдан ашуун убакыттан бери тааныйм, жакшы билем. Абдан кесипкөй жигит. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жетекчи болуп дайындалгандан бери жүрөк жылытарлык көп иштерди жасап койду. Албетте, алдыда мындан да кызыктуу, мамлекетке пайдасы мол болгон реформаларды жасай аларына ишенебиз. Эгер буга чейинки кызматтарына көз чаптырсак, ИИМдин кайсы тармагында болбосун, баардык жерде жигердүү иштеп атты. РИИБнин жетекчиси, УВДнын башчысы жана башка кызматтарда иштеп жүргөндө байкап жүрдүк, баардыгын өз ырааты, ыгы, мыкты идеялары менен кызматтын көркүн ачып, көптөрүнө үлгү боло алды десем жаңылбайм. Жеңиш мырзанын дагы бир өзгөчө сапатын баса белгилеп айткым келет, ал мейли курамдагы офицер, же катардагы милиционер болсун, баарына адамгерчиликтүү жана сый-урматта мамиле кылып, өзү да кадыр-барктуу. “Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо” дегенди тереңден түшүнгөн кызматкер. Ар бир адамдын тилин таап, эриш-аркак сый мамиледе болууну туу туткан жигит. Эми кичипейилдигине сөз жетпейт. Өзгөчө улууларга ийиле учурашып, алардын насаат кептерин кунт коюп угуп, тажрыйба топтогон жагынан эч кимди алдына салбайт. Мына, жаңы кызматка келгени жол кырсыктары кыйла азайды. Демек, жетекчи катары иштин майын чыгарып атат да. Ушу кезге чейин артынан жаман сөз ээрчигенин же кызматында мүчүлүштүк кетиргенин уккан эмесмин. Мындан аркысы да жакшы болсо керек, ишине ийгилик каалайм! 

Быйыл кырыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленип атат. Учурдан пайдаланып, сиздердин гезит аркылуу ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековду, жалпы өздүк курамын, анын ичинде жол кайгуул кызматкерлерин кылым карыткан улуу майрамы менен куттуктап кетет элем. 30 жылдан ашуун кызмат өтөгөн милициянын генералы катары, иштерине ийгилик жана ар дайым элдин алкоосуна татыган министрлик болушун кааламакчымын! 

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

-- Жеңиш Жоробековдун буга чейинки кызматтарына токтолбой эле коёюн. Ашыкча мактагандык болуп кетет. Албетте, Жеңиш мырза бул кызматка катаал учурда келди. Анткени, тиги же бу жак дебей, борбор калаабызды эле алалы. Көчөлөр тар, машине көп. Ар бир үй-бүлөдө бери дегенде экиден машине туш келерин статистика айтып атат. Маршруткалардан аз да болсо тазаланып, коомдук автобуска өтүүдөбүз. Ошого карабастан көчөлөрдө тыгын. Өзгөчө жумуш учурунда. Жолдорубуз оңдолуп, асфальт төшөлүүдө. Мунун баары керек. Эгемендик алгандан бери жасалбаган, оңдолбогон көчөлөрдүн “көздөрү ачылууда”. Жеңиш мырза ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жетекчи болуп туура эле дайындалды. Башка кызматкер чыдай албайт жана алып кете албайт да. Буга бир гана Жеңиш чыдашы мүмкүн. Анткени, бу жигит абдан аракетчил, эмгекчил жана ИИМдин мыкты кадрларынын бири. Биз мындай кызматкерди колдон чыгарбастан, күчүн, тажрыйбасын алып, келечек муунга үлгү катары кастарлап жүрөлү.

Гүлжан Шерипбаева, журналист:

-- Жеңиш Жоробеков мезгилдин күрөө тамырын кыраакылык менен байкап, кайсы тармакты жетектесе да ийгилик жарата билген профессионал адис. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жетекчилик кызматка барганы мамлекет үчүн да, эл үчүн да эң пайдалуу болду деп эсептейм. Жеңиш мырза бул кызматта бир топ реформаларды жасап, “жол кырсыгына кабылгандарга “тез жардам” келгенче жол коопсуздугун караган адистер биринчи жардам көрсөтсүн” дегени да мактоого арзыйт. Мындай нерсе буга чейин болгон эмес. Кыскасы, Жеңиш мырза ишке берилген, маселени ошол замат чечкен, кызматкерлерине да дем берип, иштете билген жөндөмгө ээ жетекчи.

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:

-- Жеңиш мырзаны мен мыкты кадр жана көп жылдардан бери ИИМде иштеп жүргөн өтө жакшы кызматкер катары билем. Чынында биздин жол кыймылынын коопсуздугу жаатында чоң маселелер бар. Жеңиш Жоробековдун жаңы жана жоопкерчиликтүү кызматына ийгилик каалап кетмекчимин. Ошону менен катар ага бир топ кеңештерди берип кетет элем:

Биринчиден, жол коопсуздугунда радикалдуу реформаларды жүргүзүү зарыл. Бул жөн эле кызматкерлерди ооштуруу же кыскартуу, техникаларды сатып алуу эмес.

Экинчиден, коррупциядан арылган техникалык кароо боюнча жаңы система киргизиш керек.

Үчүнчүдөн, тыгындарды жана жол коопсуздук маселесин жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп, жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жагын караштыруу кажет. 

Төртүнчүдөн, шаар же облус аралык транспорттор, башкача айтканда, баягы эле “Степ”, “Бус”, таксисттер жүрүшөт. Ушу жаатта транспорт министри менен жолугуп, маселени кабыргасынан коюп, жаңы көз караштагы кесипкөй адамдар менен иш алып баруу абзел. 

Бешинчиден, чечкиндүү кадам катары жолдо туруп элден коррупциялык жол менен акча чогулткан маичилерди жок кылыш керек. Азыр өлкөдө санарип, камералар ар бир жүз метр сайын турган чакта, мындай жат нерселер болбоосу зарыл. Жогоруда айтылган маселелерди кароону Жеңиш мырза бүгүнкү күндөн баштасын!       

Бактыбек Асанбаев, коомдук ишмер:         

-- Жеңиш Жоробеков келгени бир жыл боло элек, ошентсе да жол кырсыгын алдын алуу боюнча жылыштар бар үчүн, авария деген акыркы эки жылга салыштырмалуу азайганы байкалууда. Статистикалык маалыматты карасак, “40% төмөндөдү” деп көрсөтүүдө. Айрыкча каршы тилкеге чыгуу коопсуздугуна чечкиндүү кадам жасоодо. Радар, ылдамдыкты аралыкта аныктоо жана дрон аркылуу аба мейкиндиктен айдоочуларды көзөмөлдөөнү абдан күчөттү. Мисалы, быйыл айдоочулар “дрон тартып атат, калктуу пункттардан белгилүү ылдамдыктан чыкпай айдайлы” деп бири-бирине чакырык таштап, жакшы үгүт иши жүрүүдө.

Жеңиш Жоробековдун адис катары “балдар аралашкан кырсык, авария болбосун” деген далалаты жакшы. “Адамдар аварияга тушукпаса экен” деп өзгөчө маани бергенин жакында эле өткөргөн эл аралык иш-чарада тастыктады го...

Алты ай аралыгында эле жакшы ишин көрсөттү, эми келечекте да ушул ыргак менен иштесе, жол кырсыгы жокко эсе болорунан үмүттөнүп турабыз.

Сунуш: жолдор асфальтталууда, эми андагы ак чийимдер караңгыда да жаркырап көрүнүп тургандай ыкманы колдонушса эң мыкты болмок.

Улан Рысбеков, полковник:

-- Мен Жеңиш Жоробековду ар дайым кызмат ордун көркүнө чыгарган кесибинин професионалы катары эсептейм. Биринчиден, ал бул кызматта эл менен тыгыз иштөөдө. Алар менен акылдашып кызматташууга ачык жол издеп, эл менен эсептешип, чечилбеген маселелерди ортого салып, жаңы ыкмаларды колдонуу менен ишти алдыга жылдыра алды. Экинчиден, милиция кызматкерлери элге чакырык жасап, “биз сиздер мененбиз!” деп жолдогу ыңгайсыздыктарды жоюп, ар дайым жардам берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алышты. Эл тараптан ыраазычылыктар пайда болду. Үчүнчүдөн, план коюп, “мынча протокол түзөсүң” деп коркутуп жазалоо азайды. Акча чогултууну жокко чыгаруу үчүн чоң аракеттер көрүлүүдө. Кыскасы, элге жагымдуу иш-чаралар, аны менен бирге массалык маалыматтар да туура жүрүп жатат. Азыркы баардык шартка жараша өздүк курамдын кызматтык статусун жогорулатып, генералдык чинге такоо – бүгүнкү күндүн талабы болууда. Себеби, бул республикалык масштабда чынында өтө оор жумуш. Муну биз жогору баалай билишибиз керек. 

Эң негизгисин айтканда, Жеңиш Жоробеков баардык тепкичти басып өттү, тажрыйбасы өтө мол, юридика илимдеринин кандидаттыгын опер кезинде эле жактаган. Ал КМШ өлкөлөрүнүн деңгээлиндеги өтө сейрек кедешүүчү кадр экени анык. А эң негизгиси – бул инсан бөлөк бирөөнүн акылы менен иштебейт! Өзүнүн позициясы, бийик көз карашы бар.

Артур Медетбеков, генерал:

-- Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо өтө маанилүү жана жооптуу иш. Айрыкча жай жана кыш мезгилинде көп катталган кырсыктардын алдын алуу, алардын санын азайтуу дагы жооптуу жумуш. Бул тармактын ишин жандандыруу, кырсыктарды азайтуу максатында ички иштер министрлиги тарабынан көп иштер жасалууда. 

Жеңиш Жоробековдун жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына жетекчи болуп келиши мамлекет үчүн да, эл үчүн да пайдалуу болду деп ойлойм. Анткени, ал кандай кызматка дайындалбасын жандили менен берилип иштейт. Анын кесипкөйлүгү, сабаттуулугу, ишбилгилиги кайсы тармакты жетектесе дагы ошол жакты жандандырат. Буюрса, реформаларды жасап, ишти илгерилетүүгө бар күчүн жумшайт, кырсыктын алдын алуунун чараларын көрөт, эки ача пикир жараткан жагдайларды жолго коёт, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы жагдайлардын баарын жөнгө салат. Мыйзамдарга толуктоо, өзгөртүү киргизет (!) деген ишеничтемин.

Жеңишке административдик жол тосуулар же чиновниктик кысымдар болбосо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде көтөрөт, кырсыктарды азайтуунун аракетин көрүп, мониторинг жасайт деп ойлойм. Айдоочуну да, жол кыймылынын коопсуздугун сактаган кызматкерлерди да мыйзам чегинде бир эрежеге баш ийдирет деген ниеттемин. 

Ошондой эле мыйзам бузган эрежелерди азайтып, жолдордогу маркировкаларды чийдирип, өзгөчө бурулуш же тоолуу аймактардагы жолдорду дагы электр жарыгы менен камсыздатса, бир топ жол кырсыгы кыскарып, айдоочуларга дагы коопсуздук жаралбайт эле. Жеңиш мына ушул маселени да эске алат. Жол кырсыгынын азайышына кам көрүп, салым кошоруна үмүтүм чоң.

Алымжан Козуев, полковник:

-- Кайсы тармакты кандай киши башкарбасын, эң биринчи адамдын жеке касиеттери, мүнөзү, алган тажрыйбасы ошол ишке сөзсүз таасир этет. Жеңиш Жоробеков кайда иштесе дагы үлгү жаратып, мыкты жетекчилердин катарын толуктап келди. Өзү юридика илимдеринин кандидаты, билимдүү, тажрыйбасы мол, көп жерлерде иштеген мыкты адис. Убагында алдыңкы жетекчилердин тарбиясын алган. Жеңиш Жоробековду кайсы гана тармакка койбосун, милдетин ойдогудай алып кетеринен шек санабайм.

Жол коопсуздугу Жеңиш Жоробеков үчүн жаңылык эмес. Жалпылап айтканда, аны милициядагы кандай кызматка койбосун, жогорку деңгээлде иштей бере турган кадр. Өзгөрүүлөрдү жасайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагынын дагы “кухнясы” башкача. Жеңиш ал жакта да реформа жасап, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, тартипке келтирип жатат. Буюрса, жакында өзгөрүүлөрдү көрөбүз.

Айтмакчы, бирине көп, экинчисине аз секунд берилип калган светофорлордун баарын иретке келтирет, өзгөрүү кылат, жол кырсыгынын азайышына чоң салым кошот (!) деп ойлойм. Жеңиштин ишине ийгилик каалайм.

Аликбек Жекшенкулов, саясатчы:

-- Жеңиш Жоробековду көптөн бери тааныйм. Билимдүү, иштин көзүн таба билген, кесипкөй, өз ишин абийирдүүлүк менен аткарган белдүү, мыкты кызматкерлерден. Менин угушумча, Жеңишке кандай кызмат сунушталса да, кайда которулса да ошол жакты оңдоп, ийгиликтерге жеткен жөндөмү барЭл менен алака түзүүнү, кызматташууну жогорку деңгээлде өздөштүргөн. Жеңиш Жоробековдун келечеги алдыда. Ал көп китеп окуган, маселени тереңден караган өзгөчө сапатка ээ, ошого катар дүйнө таанымы кеңири экенин байкап жүрөм. Буюрса, кыргыз эли үчүн кызмат кылып, алдыдагы чоң сыноолордон татыктуу өтөрүнө ишенем.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер