Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда коронавирус жугузуп 25 бейтап көз жумду

Түркияда коронавирус жугузуп 25 бейтап көз жумду

11-июль, 16:29
536 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркиянын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-июлда коронавирус жугузуп алгандардын саны бир күндө 57113 кишиге жетти. 25 бейтап вирустан көз жумду. Бул өлкөдө чектөөлөр алынган март айынан берки эң чоң көрсөткүч экени кабарланды. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерде коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алгандардын саны өсүп жатканын, 50 жаштан жогору жарандарга дагы бир жолу вакцинация маанилүү экенин билдирди.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. 11-июлга карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 85% вакцинанын эки дозасын алган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер