Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков: “Токтогул ГЭСи токтоп калса, мамлекетте кооптуу абал жаралат”

Эрнест Карыбеков: “Токтогул ГЭСи токтоп калса, мамлекетте кооптуу абал жаралат”

12-февраль, 12:00
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө боюнча коомдук институттун жетекчиси менен маек.

-- “Жазга кантип чыгабыз, андан кийин кандай абал күтөт?” деген энергетикалык оор абалда турабыз. Мындай кырдаалда кандай иш-аракеттер менен жол таап кетсек болчудай?

-- Акыбал абдан оор. Муну баары билет. Президент, коом да билет. 1-апрелде официалдуу түрдө кыш сезону бүтөт. Токтогул суу сактагычы 12 млрд. куб менен чыгышы керек эле, 7 млрд. куб көлөмү менен жаздан чыкканы турабыз. 7 млрд. менен чыгуу өтө кооптуу абал. Токтогул суу сактагычынын өзүнүн көп жылдык жөнгө салуу регламенти бар. Анын регламенти сакталбай, суунун көлөмүн түшүрүп жиберишкен. Азыр үчүнчү жолу ушул окуя кайталанып жатат. Сууну толтуруу үчүн анын регламентин так сактоо керек. Бул жайында толуп, кышында түгөнгөндөй Тажикстандагы “Нурек” ГЭСи эмес. Жыл кургакчыл болобу, нымдуу болобу – суунун көлөмү жумушчу көлөмдө сакталып турушу абзел. Ошол талапты сактабай, кубаттуулуктун баарын ар жакка таратып берип коюшкан. Майнинг фермалары көп ачылып, көмүскө иштешет. Бишкек, Ош шаарларындагы жаңы курулган имараттарды жылуулук борборлоруна туташтырбай, электр энергиясы менен жылытат. Экинчиден, эгемен жылдардан бери кубаттуулук курулган эмес. "Камбар-Ата–2нин" бир агрегатына турбина коюлган, ал 120 мВт эле кубаттуулукту берет. Толук бүтүрсө 360 мВт бериши керек эле. Тилекке каршы, аны да курбай, мамлекеттин деңгээлинде каралбай турган көп майда-чүйдө долбоорлорго алаксып атышат.

Кичи ГЭСтерди курабыз дешет, алардын жалпы кубаттуулугу 1-1,5 млрд. кВт/саат болот. Бизге азыр 3 млрд. кВт/сааттан көп энергия жетпейт. Ошондуктан мамлекеттин коопсуздугун сакташ үчүн базалык электростанцияларды куруш керек.

Кара-Кечеге 1200 мВт кубаттуулуктагы жылуулук электростанциясын курса болот. Кубаттуулугу Токтогул ГЭСи менен бирдей. Анын Кыргызстанга пайдасы көп болмок. Азыр 90% энергияны Токтогул ГЭСинен колдонуп, суу жөн эле ысырап болуп кетип жатат. Учурда сугат мезгили эмес. Бизден аккан суу Аралга жетпей эле коңшу мамлекеттердин суу сактагычтарына топтолуп же жерге сиңүүдө. Борбор Азия аймагында суу энергетика ресурстары көп жылдан бери туура эмес эксплуатация болууда. Анткени, суу акысыз. Коңшу мамлекеттерде суунун баасы бар, бизде жок. Ошондуктан биз дагы суунун баасын коюшубуз керек.

-- Учурда электр энергиясын чектөөгө, өчүрүүлөргө кандай көз караштасыз? Кандай таасирлери болот?

-- Башка айла жок болуп турат. Көмүскө иштеген майнинг фермалардын баарын таап, өчүрүш керек. Экономикага терс таасири болот, мындан башка жолу жок. Анткени бул энергетика тармагынын эле көйгөйү эмес, улуттук коопсуздукка тийешелүү маселе болуп жатат да. Токтогул ГЭСи токтоп калса, анда мамлекетте эч нерсе иштебей калат. Ушундай абалга алып келип коюшпадыбы.

Электр энергияны сатып алуу керек. Алмашып алышабы – бул өкмөттүн иши. Ошон үчүн акырындап өчүрүп, андан тышкары, өзүбүздүн жылуулук электр станциябызды, ТЭЦти максималдуу кубатуулукка чыгарып иштетиш керек. Башка жол жок. Ал жетпесе, бул бир эле жол – Кыргызстандын ичинде электр энергиясын чектөө. Башка мамлекеттерден сатып алып жатабыз. Буга каражат кетүүдө. 2 сомдон эле эсептесек, 3 млрд. куб суу. Бул 6 млрд. сом. Башкача айтканда, биз 6 млрд. сомго чыгаша болуудабыз. Бул бюджеттин, мамлекеттин акчасы. Эки жылда 6 млрд. куб суу сатып алсак, 12 млрд. сомго чыгаша болобуз. Ошого бирөө жооп бериши керек. Анткени суу сактагычты туура иштетсе, суунун көлөмү мынчалык деңгээлге түшпөйт болчу. Бизде бирөө дагы жоопкерчиликке тартылбайт. 2017-жылы Токтогулда суу толтура болчу. Аны Өзбекстан, Казакстанга жөн эле сатышты да. Анүстүнө мамлекеттик системага майнинг фермаларды да киргизип салышкан. Ага уруксат бербей, токтотуш керек болчу. А бизде уруксат берип атышат...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер