Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жерүйдө 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштады

Жерүйдө 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштады

22-март, 12:35
920 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Талас облустук ички иштер башкармалыгы Жерүй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы тууралуу маалыматты иликтей баштады.

Бул факт «санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушу» менен электрондук эсепке алуу журналына катталганын облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

21-мартта Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп, бул тууралуу айтпай жатышканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачкан.Россиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы Андрей Костин бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан болчу.

“Азаттык”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер