Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм мени “сүйөм” деп, башкага да арзуусун арнап жүрүптүр...

Күйөөм мени “сүйөм” деп, башкага да арзуусун арнап жүрүптүр...

08-июль, 18:45
1 941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Эки балабыз бар. Ушул убакка чейин “сүйөм деп күйөөм мага күндө айтат. Мен ишенчүмүн. Ушунча жакшы көрүп, таттуу сөздөрдү айтат. Бирок ичип алып жинди болуп, уруп да коет. Эртеси күнү соолукканда тизелеп кечирим сурап, таманыма чейин өпкүлөп, сүйөм, сенсиз жашай албайм” деп жалдырайт. Бирок, бир окуядан кийин сүйөрүнө ишенбей калгам. Мурунку сүйгөнүн интернеттен таапжазышып жатыптыр. Үч күн жазышкандарын окудум.
Ушул убакка чейин аны сүйөр
үн, андан башка бул дүйнөдө эч ким жок экенин, көздөрүн, таттуу эриндерин сагынганын, ушунча назик, ак көңүл жан экенин кайра-кайра жазып, аны менен жолуккусу келгенин, суранып жатканын окуп жүрдүм. Ошол эле маалда үйгө келип алып, «сени ушунча катуу сүйөм жаным, менин чексиз бактымсын» деп көзүмө карап туруп сүйлөп жатканда, эркек эки жүздүү болот экен деп таң калгам. Ал сүйүүсүн арнап жатканда ичимен өрттөнүп, жүрөгүм музга айланып баратты.
Көзүнө карап турдум,
 бирок ушунча бал тил менен алдап жатты, эгер мен ошол жазышкандарын окубаганда, дагы деле ишенип жүрө бермекмин. Чоң уруш болду. Сөз берип алып калды. Бирок мендеги ага деген ишенич сүйүүм менен кошо өрттөнүп кеткен. Кийин дагы ошонусун далай жолу кайталайт...


Айсулуу

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер