Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Айыл чарба министрлигинде отурган адистердин кайдыгерлиги кымбатчылыкка себепкер”

“Айыл чарба министрлигинде отурган адистердин кайдыгерлиги кымбатчылыкка себепкер”

25-февраль, 12:00
1 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Барган сайын айыл чарба азыктары кымбаттап, элдин нааразычылыгы жаралууда. Министр Бакыт Төрөбаев жазга карай кандай кам көрүүсү керек?

Эсенгул Исаков, коомдук ишмер:

-- Бул жыл сайын ушу мезгилде бериле турган орчундуу суроолордун бири. Эгемендикти алган жылдан тарта айыл чарба тармагында азык-түлүк коопсуздук программасы иштебей келет. Бир жылы картөшкө, бир жылы ун, бир жылы эт ж.б. продукциялар өлкөбүздө тартыш болуп, сырттан апкелүү, анын менен кошо аларга болгон баа кымбаттаган учурлар арбын. Эми караңыз, бизде качан эле картөшкө менен эт көйгөй жаратчу эле? Азыркы учурду алалы, эт тартыштыгы бар дегенге эч бир кошула албайм. СССР тушундагыга караганда бодо малдын саны ашып түштү. Жөн эле абсурд! Эмне, бизде картөшкө өспөйбү? Түшүнөм, климаттык жана жер кыртышы же өстүргөнгө талаа жетишсиз болсо бир жөн. Ушунун баары эмнеден? Айыл чарба министрлигинде отурган ар бир бөлүмдүн, башкармалыктын адистеринин өз иштерине кайдыгер мамилесинин натыйжасы. Болбосо, азык-түлүк коопсуздук программасы бар. Ал жерде абдан тыкыр иштелип чыккан сандарга үңүлсөк, “Кыргызстандын эли жылына мынча кило эт, картөшкө, суу май, кант, жумуртка...” делип ак кагазга кара тамгалар менен жазылган. Айыл чарба азыктары кымбаттап, элде нааразычылык болуп кетпеш үчүн иштелип чыккан гана программанын негизинде иш жүргүзүлсө, азыркыдай абал жаралбайт эле да. Менимче, министрликте иштеп аткан адистердин гана катачылыгы. Министр Бакыт Төрөбаев ошолорду ревизиялап, жаз алды менен мыкты адистерди, жоопкерчиликтүү, уят кылбай турган кызматкерлерди өзүнө тартып иштеши керек. Кийинки жылы кайталанбагандай кылып...

Урмат Акунов, жеке ишкер: 

-- Биринчиден, калктын саны жылдан-жылга өсүп атат. Ал эми дыйканчылык жер аянты бир орунда. Тамак-ашка болгон баа жогорулап аткан себеби да ушундан деп ойлойм. Экинчиден, бүткүл дүйнө гибриддүү өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алек. А биз болсо андайдан жадагалса түшүнүгүбүз жок. Союз учурундагы бойдон калдык. Жадагалса жөпжөнөкөй күнөсканалар жокко эсе. Болсо да бирин-серин, аз санда. Кубаттуулугу жөнүндө сөз кылбай деле койсок болот. Помидор менен бадыраң Ташкенттен келет. Калган жашылчалар жөнүндө айтпай эле коёюн. Ал эми жер семирткичтерди какшап эле келатабыз. Жердин баары арыктады. Айыл чарба министрлиги жок дегенде лизинг аркылуу фермерлерди техника менен камсыз кыла албай жатат. Селекциялык үрөн чарбалар жетиштүү. Мамлекет тарабынан колдоого алынып, алардын көйгөйлөрүн жеринде чечип беришсе сонун болмок. Мындан сырткары, бизде логистикалык борборлорду ар бир районго тезинен куруп, ишке киргизүү кажет. Күзүндө бышкан картөшкө, пияз, капуста, сабиз сыяктуу жашылчаларды бери дегенде жарым жылга чейин күнү бүгүнкүдөй сактап тургудай заманбап кампа болсо дегеним. Эми айта берсе арман көп...   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер