Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Осмон, журналист: “Биздей кедей, билимсиз эл өмүр бою алдана берет”

Манас Осмон, журналист: “Биздей кедей, билимсиз эл өмүр бою алдана берет”

24-июнь, 16:23
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Бир жыл сегиз ай СИЗОдо отурган “кемпирабадчылардын" баары акталды. Алар Кыргызстандын саясый аба ырайын өзгөртүшө алабы

-- “Кемпирабадчылар Кыргызстандын саясый аба ырайын өзгөртө аларын айтуу өтө кыйын. Алар өлкөнүн оппозициялык блогун түзө алышпайт. Менимче, бийликке каршылык көрсөтүү кыймылы азыр жок. Кемпирабадчылардын көпчүлүк мүчөлөрү батышчыл көз караштагы саясатчылар. Ошон үчүн да калктын калың катмарынан колдоо болгон жок деп ойлойм. 

-- Мыйзамсыз менчиктештирген мамлекеттик мүлктөр өкмөткө кайтарыларын Камчыбек Ташиев кайрадан эскертти. Бу сапар кимдердин энчилери мамлекетке алынышы мүмкүн?

-Мамлекеттик мүлктөр кезегинде адилетсиз алкакта бөлүштүрүлгөн. Эмнеге бир ууч ууру-кескилер мага да таандык болгон мүлктөрдү менчиктештирип алышып, ошолор эле байый бериши керек? Кээ бир жарандарыбызды түшүнбөйм, “жеке менчикке тийбеш керек” деп кыйкырып атышат. Биздей кедей, анан билимсиз элди өмүр бою алдашып, мамлекетти дүңүнөн тоноп келаткандар өз кызыкчылыктары үчүн кыйкыртышып, жаман үйрөнүшкөн..


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер