“Мектептердин эшиги ачылып, мурдагыдай билим берүүгө кайталы”

Онлайн окуу менен окуучулардын басымдуу бөлүгү экинчи чейректи жыйынтыктап жаткан учур. Пандемия коркунучу менен студенттер, окуучулар бир жылга жакын убакыт үйдөн билим алышты. Бирок мектептегидей көзөмөл, билим берүү кайдан болсун? Айрым ата-энелер балдарын окутуу үчүн атайын мугалимдерге кайрылып, бир топ эле кыйынчылыктар да орун алды. Окуучуларды камап отурганыбыз менен той-топур, күн аралата чогулмай шаан-шөкөттөр күз айынан бери күч алган. Эми үчүнчү чейректе мектептен окутуу ишке ашабы? Же жазга жылабы? Кандай кадамга баруу керек? Бул суроолор менен жаш эксперттерге кайрылдык.
Нурсултан Кубанов, Бишкек шаарынын мэринин билим берүү боюнча кеңешчиси:
-- Менин пикирим боюнча, мектептер тезирээк ишке кирсе жакшы болмок. Онлайн багыты дүйнө жүзү санариптештирилип жаткан учурда жакшы эле, бирок офлайн окутуу болсо андан жакшы. Анткени, балдар бири-бири менен тыгыз мамиледе болот. Менин жеке пикиримде, мектептер эшигин ачып, билим берүү мурдагыдай улантылышын каалайм. Дүйнө жүзүнө деле көз кырыбызды салсак, басымдуу баардык жерде эле мектептер, университеттер ачылды. Убагында пандемия аябай күч алып турган ошол эле Италия ж.б. мамлекеттер өздөрүнүн эле эмес чет өлкөлүк студенттерди да кабыл алып окутуп жатышат.
Нурболот Азамат, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти:
-- Азыр “мектептер ачылсын” же “ачылбасын” деп таккесе айтуу кыйын болуп турат. “Коронавирусту толук жеңдик” деп айтуу да азырынча эрте. Ал ортодо мутант вирус жөнүндө кабар сестентүүдө. Ошол эле учурда онлайн билим берүүнүн сапаты кандай болуп жатканы айтпасак да баарына белгилүү. Ошондуктан, аралыкты жана баардык гигиеналык талаптарды эске алуу менен салттуу билим берүүгө акырындык менен балдарды кайтаруу керек. Билим берүү онлайн режимге өтүп, мектептер менен окуу жайлар бош калган жаз айларынан тарта алардын материалдык жана техникалык базасын бекемдеп алууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Пайдалана албадык. “Ошону менен катар онлайн билим алуу толук токтойт” деген ой такыр туура эмес. Пандемия жашообузду жаңы нукка бурду. Эл аралык жолугушуулар, саммиттер мурдагыдай чоң шаан-шөкөт менен эмес, онлайн платформалардын жардамы менен өтүп калды. Азияда жашап, Америкада билим алган, ошол жактагы ишканадан стажировкадан өтүп же иштеп жаткан катмар дагы калыңдады. Эми онлайн окуу, иштөө жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп кала берет. Андыктан, мугалимдердин жана окуучулардын санариптик сабатын жоюу, аймактарга интернет жеткирүү, шарты жок окуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылуу керек. Бул бир гана билим берүүдө эмес, баардык тармактардагы приоритеттүү нерсе катары өнүгүп отурушу керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити