Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алматыда 23 жаштагы келин салмагы 6 килограммдан ашык болгон кыз төрөдү

Алматыда 23 жаштагы келин салмагы 6 килограммдан ашык болгон кыз төрөдү

18-май, 20:09
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын Алматы шаарындагы №2 шаардык төрөт үйүндө салмагы 6 килограмм 20 грамм болгон кыз төрөлдү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер чоң ымыркай төрөлөрүн күтүп жатканын айтып, мындай салмакта төрөлгөн ымыркайга таңгалып жатышканын билдиришкен.

“Биз ымыркайдын салмагы алты килограммдан ашат деп өзүбүз деле күткөн эмеспиз. УЗИ түйүлдүк төрт килограммдан ашарын көрсөткөн, бирок так салмагын УЗИ менен аныктоо мүмкүн эмес. Биздин оорукананын тарыхында 4 килограмм 290 грамм болуп төрөлгөн ымыркай бар болчу” деген төрөт үйүнүн неонатология бөлүмүнүн башчысы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер