“Үйлөнтөбүз” деген агамды өзүнөн улуу аял дубалатып алыптыр...
Анда сөз башынан болсун. Жакында 26 жаштагы бир тууган агам үйлөнмөк, айылда сүйлөшкөн кызы да бар. Агам Москвада көп жылдан бери жүрөт, ал жакта ашпошчу болуп жакшы иштеп жүрчү. Ошол жакта өзүнөн 5-6 жаш улуу келин менен жашап жүрүптүр. Агам ата-энем айткан сөзүн эки кылбаган, бой десе бою бар жигит. Бирок ал аял алдап дубалап алганбы? Билбейм. Башыбыз катып отурат. Өткөн жылы да “үйлөндүрөбүз” деп канча кыз таптык. Баарын эле макул болбой койду деп жаткан. Көрсө, ал аял кыздардын номерин таап "меники болот, жөн жүр" деп жаза бериптир. Эми той болордо, кудалар менен сөз бүткөндө, анысы да бир жагынан чыкса эмне болот? Эл караган жүзүбүз жер карап калбаса экен. Ушуга бушайман болуп жатабыз. Эмне кылыш керек, кеңешиңиздерди айтыңыздар?..
Элиза