Кошалиев калктын атын булгабай, “Бакиевдин курултайы” деп өзгөртүп албайбы!..


“Элдик курултай” аталышындагы уюшмага кайрадан Кадыр Кошалиевди актап-жакташып, төрага кылып дайындашыптыр. Бул боюнча кайрылуу да чыгарышты. Таңгаласың. Кайсы элдин атын жамынып атышат? Кадыр Кошалиев Минскиге барып, Курманбек Бакиевге жалпактап кошомат кылып, көзүнүн кареги менен тең айлангандай маек алып, актоо аракетин жасаганы баарына маалым. Көпчүлүктүн сын-пикирине кабылып, чоң талкуу жараткан. Кечээ Бакиев үй-бүлөсү менен 60 чакты буюртма өлтүрүүлөрдү жасашып, колдору канга боёлгонун кайда жашырышат? Канча деген саясатчылар, депутаттар, бизнесмендер, спортсмендер өлтүрүлгөн? Кийин 2010-жылдагы токсондой баланын шейит кеткеничи? “Кан коё бербейт” дейт. Кайсы бир топ Бакиевдерге жан тартышканы менен калың кыргыз катмары, карт тарых аларды кечирбейт! Кадыр Кошалиев алган маеги менен кадырын кыя чаап, жууса кеткис балчыкка малынган. Эми элдин атын жамынбай, булгабай, “Бакиевдин курултайы” деп атап алсын да. Башты айлантуу, көз будамайлоо суу кечпейт. Амалдары алты эшекке жүк болсо дагы, өтпөй калды...
"Азия Ньюс" гезити











