Эмил Токтошев “Ата Мекенден”, аялы Рыскүл Акимжанова НДПКдан депутат
НДПКдан Бишкек шаардык кеңешине фермер Рыскүл Акимжанова депутат болду. Бул айымдын күйөөсү Эмил Токтошев “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңеште мандат кучактап отурат. 2015-жылдан бери эл өкүлү катары Эмил мырза эмне иштерди кыйратканын коомчулук деле биле бербейт. Лидери Текебаев камалганда коңулга кире качкан, башкалардай митингдерде, соттордо жөөлөшкөнгө да жараган эмес. Себеби… Токтошевдин карамагындагы бизнестеринин былыгы чыгып, салыктарынан айыбы ачылып калбайбы? Балким ушул сыяктуу көмүскө акча табуу амалдарынан айбыгып жүрсөчү? Бир “балээси” бар үчүн тымпыйып, жанбактылардын катарын толуктаганы го? Дал ушундай депутаттардын айынан “чимкирик парламент” аталды да. Ишкерликтен түз эле келип мандат сатып алышат да, анан баарын артка тартышат. Мындайларга карата эл баасын берип, кийинки шайлоодо добуш бербей коюш керек.
"Азия Ньюс" гезити