Атамбаев “түрмөдө жатканча өлгөнүм артык” деп намыстанууда...
24-мартта УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча соттук процесс өттү. Нааразы болгон Алмазбек Атамбаев залды таштап, чыгып кеткенин адвокаты кабарлады.
Коомчулук тарабынан болсо, Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинде сабатсыздык, саясый өңүтү бар экени айтылууда. ИИМ элди ынандыруу иретинде толук кандуу маалымат бере албаганы, шаасы жетпегени ачык байкалууда. Тергөөдөгү көп алешемдиктер эми чыга турганы кабарланып атат...
Натыйжада, мындан ары Атамбаевдин позициясы кандай болот? Ал башынан эле бул иште күнөөсү жок экенин айтып келет. Актанат да. Бизге жеткен соңку маалыматтар боюнча, Атамбаев мындан ары курч саясый билдирүүлөрдү жасай турганын эшиттик. “Түрмөдө жатканча өлгөнүм артык” деп байма-бай ызырынганы, намыстанганы каңкууланды. Кантип кырдаалды алдын алса болот?..
Aryba.kg