Кытай жана Индия Россиянын Украинаны аткылоосун сынга алды


Кытай жана Индия Россиянын Украинаны аткылап, 14 жай тургундун өлүмүнө себепчи болгонун сынга алды.
Кытайдын тышкы иштер министрлиги бардык өлкөлөрдүн эгемендиги сыйланышы керектигин билдирип, кырдаалды тынч жол менен жөнгө салууга чакырды. Бээжин кырдаалды тескөөдө конструктивдүү тараптын ролун алууга даяр экенин Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү маалымдады.
Украинаны массалык аткылоону сындаган билдирүүнү Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар да жасады. Ал расмий Дели орус-украин согушуна каршы экенин, бул согуш анын катышуучуларынын да, жалпы эл аралык коомчулуктун да кызыкчылыгына каршы келерин ачык айтып чыкты.
Индия жана Кытай Россиянын саясатына лоялдуу өлкөлөр деп саналат. Дели менен Бээжин орус-украин чатагын тынч жол менен чечүүнү кубаттаса да, Россияга киргизилген санкцияларга кошулган эмес. Эки өлкө тең Россиядан мунай жана башка энергоресурстарды ири өлчөмдө сатып алат.
10-октябрдын таңында Россиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урган. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарлар аткылоого кабылды. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адамдар өлдү.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады.











