Гүлниза Эргешова, акын: “Канча тепки жесек дагы тагдырдан, Жан эмеспиз бирөөгө сыр алдырган...”


-- Өзүң тууралуу айта кетсең, чыгармачылыкка, поэзия дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың? Учурда Москвада эмне иш менен алектенесиң?
-- 1989-жылдын 24-февралында Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылында туулгам. Мамат Ташиев атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Ош технологиялык университетиндеги табигый-техникалык факультеттин математика жана информатика бөлүмүн аяктагам. Үй-бүлөлүү, үч баланын энесимин. Учурда Москва шаарында жашайм.
Чыгармачылыкка 2018-жылдан бери аралашып келем. Негизи ыр жазгандардын көбү эле бала чактан жазышат эмеспи, а мен акындардын ырларын сүйүп угуп жүрүп, 27-28 жашымда барып өзүмдүн деле ыр жаза аларымды билдим. Балким ошол жылдары поэзияга ушунчалык баш-отум менен көңүлүм түшүп, калтырбай окугандыктан, катылып жаткан талант ойгонуп кетти окшойт го. Учурда Москвадагы мамлекеттик басмада гезит, журналдарды дүкөндөргө таратуу, бөлүштүрүү бөлүмүндө иштейм.
-- Ыр адамдын жандүйнөсүнүн абалынан, тагдырынан алынат. Сенде кандай жаралат?
-- Менде да дал ошондой: жандүйнөмдө кандай абал болуп жатса, ошону эч өзгөрүүсүз жазып салам. Анан өзүмдүн купуя бир сырларымды элдин баарына жарыялап алган сыяктуу болуп, “өзүмдүн тагдырымдан алып жазып жатканымды сезип калышат го” деп кызыктай абалда боло берчүмүн. Кийинчерээк түшүндүм, ошол жандүйнөңдү тепкилеп жаткан нерсе гана ыр болуп кагазга түшөт турбайбы! Баары эле жасап эмес, жашап жазат турбайбы...
-- Бүгүн дүйнөлүкпү же өзүбүздүн поэзиядабы, жүрөк титиреткен ыр саптары жаралып жатабы? Кимдерди кызыгып окуйсуң?
-- Албетте, жүрөктү “болк” эттирчү чыгармалары менен таанымал болгон Нарсулуу Гургубайды зор ишеним менен айта алам. Ар бир ыры жүрөктү аралап өтөт.
Жүк–200...
Жүз... Эки жүз... Мүмкүн миң...
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык күн?.. – караңызчы, кандай күчтүү саптар! Ушундай акын болууну кыялданам чынында. Бектуруш Салгамани деген акындын да чыгармалары укмуш. Өгөй ата жөнүндө балладасын окубаган жан жоктур...
-- Жашоо, турмуш бүгүнкү мигранттар тууралуу ой калчап ыр жараткан учурлар болобу?
-- Болот. Мекенден алыста жүргөн адамдарда патриоттук сезим күчтүүрөк эмеспи. Мекенге болгон сагыныч, куса жаздырат экен. Ал эми ар бир мигрант – менин тагдырлашым.
-- Китептериң жарык көрүп жатабы? Алдыдагы пландар кандай?
-- Жеке автордук китептерим азырынча чыга элек. Жарык көрүү алдында турат десем болот. Москвада “Москва кайрыктары” деген чоң адабий клуб бар. Жыл сайын ыр жыйнак чыгарып турушат. Ошол жыйнакка ырларымды берем. Анча-мынчасы гезит беттерине жарыяланды. Ырларымдын сапатына өзүмдүн толук купулум толуп, окурманды өзүнө тарта аларына көзүм жеткенде гана чыгарам деп жүрөм. Алдыдагы пландарым: жакшы ырларды жаратуу, китептеримди чыгаруу. Адаттан сырт тематикадагы, өзгөчө ырларды жараткым келип жүрөт.
Аялмын да
Аялмын да. Кээде эле толуп чыгам,
Акылы аз адамдай болуп чыгам.
Ачууланып, сүйлөнүп, күбүрөнүп,
Үйдүн баарын тазалап коюп тынам.
Аялмын да. Кээде эле жашып кетем,
Көз жашымды көл кылып ташып кетем.
Өзүм сүйлөп кайра өзүм таарынам да,
Өрт чыгарып жиберем, шашып кетем.
Аялмын да. Кийингим келип кетет,
Ашыкча эле сүйүлгүм келип кетет.
Көңүл буруу көп эле талап кылып,
Көөдөнүмө үңүлгүм келип кетет.
Аялмын да. Кайра эле балкып кетем,
Күндөй болуп ачылып жаркып кетем.
Ара жолго калтырбай не болбосун,
Арабасын турмуштун тартып кетем.
Аялмын да....
***
Канча тепки жесек дагы тагдырдан,
Жан эмеспиз бирөөгө сыр алдырган.
Жүрөбүз ээ тептегиздей жашообуз,
Жүрөгүбүз жүз жеринен айрылган.
Чалынсак да, жыгылсак да сынбадык,
Эч ким көрбөс, укпас жерден ыйладык.
Бала үчүн баатыр жанга айланып,
Бизди эмес, биз турмушту кыйнадык.
Назик жандан жанга айланып күчү көп,
Насибинче кандай өмүр күтүлөт.
Аңтарылып кеткен кезде дүйнөсү,
Аялзатын аял гана түшүнөт.










