Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ашказанында жарасы барларга кандай кайнатма пайдалуу?

Ашказанында жарасы барларга кандай кайнатма пайдалуу?

07-декабрь, 17:08
1 875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Укроп – өзгөчө жыты бар бир жылдык ашкөктөрдүн бири. Байыркы египеттиктер укроптун тундурмасы муундарды бошотуп, баш ооруну айыктырарын билип, дары катары колдонушкан. Ал эми байыркы грек дарыгери Гиппократ укропту ашказан оорулары үчүн колдонгон. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып “Барометр” жазып чыкты.

Укроптун курамы:

Укроптун курамынан В6, В9, Е, Р, РР, В1, В2, өзгөчө жалбырагынан С витаминин кезиктирүүгө болот. Ал эми уругунда калий, марганец, жез, цинк, кальций жана натрий баш болгон микроэлементтер бар болсо, сабагында фосфор менен темир бар. Кошумчалай кетсек, зат алмашууну жакшырткан флавоноид дагы укроптун курамында. 

Укроп нерв, жүрөк кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларына таасирин тийгизип, алардын жакшы иштешине көмөктөшүп, организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып, ашыкча салмактуулуктан арылтат. Мындан тышкары, диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды да жоготот. Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачкандыктан, дарыгерлер аны тамактануу рационуна аралаштырып колдонууну сунушташат.

Кайсы ооруларды айыктырат?

Тамгалар көрүнбөй калганча көз тунарып чарчаганда 1 чай кашык укроптун уругу жардамга келет. Аны дакиге ороп, ысык сууга 3-4 мүнөт тындырып алып туруп, суудан чыгарып муздатуу керек. Даки жылуу болуп калган соң жумулган көздүн үстүнө 5-10 мүнөт кармап туруу шарт. Бул ыкма көздүн чарчоосун басат. Ушул ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн дагы колдонсоңуз болот. Мындан тышкары, бул ыкма эмчек эмизгендерге да пайдасын тийгизет. Эмчегинен сүт чыкпай кыйналгандар укроптун кайнатмасын ичүү зарыл.

Ашказанында жарасы барларга оору катуу кармаган учурда укроптун кайнатмасын ичүү сунушталат. Ал үчүн алгач 2 чай кашык укроптун уругуна 2 стакан ысык суу куюп, 5-10 мүнөт демдеп коёсуз. Даяр болгон соң аны ичүү керек. Бул ыкманы эркектер импотенция оорусунда колдонсо болот. Демделгенин ичкиси келбегендер укропту майда туурап, каймакка аралаштырып салат кылып жесе да болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер