Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Психоневрологиялык ооруканага медициналык жабдуулар тартууланды

Психоневрологиялык ооруканага медициналык жабдуулар тартууланды

03-декабрь, 16:53
746 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар турактаган үч мекемеге  Кыргызстандагы Япониянын элчилиги “Чөптүн тамырлары жана адамдын коопсуздугу” программасынын алкагында атайын медициналык, өзгөчө жабдууларды беришти.

29-ноябрда Беловодскидеги психоневрологиялык стационардык ооруканада бул жабдыктарды берүү аземи болуп өттү. “Реаблитациялык кызмат өтөөнү жакшыртуу” боюнча долбоордун алкагында Бишкек менен Чүй облусунун үч мекемесине ушундай жабдуулар берилди.

 “Силер бизге саламаттык тартууладыңар!”

Беловодскидеги психоневрологиялык борборго жабдыктарды тапшыруу аземине  Кыргызстандагы Япониянын элчиси Сигэки Маэда, КР Социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров ошондой эле “Евразиядан Борбордук Азияга” коомдук фондунун аткаруучу директору Анара Надирбекова,  КММИнин алдындагы квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоонун билим берүү жана терапия борборунун башчысы Назгүл Сулайманова, Москва районунун администрация башчысынын орун басары Жоомар Нарботоев катышты. 

- Баш аягы жабдыктардын 20 лоту сатылып алынган, бул 25-26 бирдикке барабар болуп саналат. Наркы 56 293 доллар турган жабдыктар Бишкек жана Беловодскидеги реаблитациялоочу борборлорго  бөлүнүп берилди,- дейт Коомдук фонддун аткаруучу директору Анара Надирбекова. 

Япония тарабынан грант катары бөлүнгөн каражатка бул фонд сатып алган жабдуу уникалдуу болуп саналат. Ал жабдуу ар түрдүү сыноолордон өтүп, 99,9%га эффективдүүлүгүн далилдей алган. Бул медициналык жабдуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын психикалык жана физикалык жактан өсүшүнө багытталган. Ар бир жабдык өзүнүн функциясын мыкты аткарат. Баланы реаблитациялоо боюнча программаны Европа, Америка, Түштүк Корея жана Россия  менен онлайн  түрүндө координациялоого болот. 

Компьютердик  биобашкаруу боюнча технологияны окуткан Борбордук Азиядагы  жалгыз тренер Татьяна Романова Япониянын элчисине жана Социалдык коргоо министрине бул медициналык жабдыктардын кантип иштей турганын көрсөттү.

Бул жабдык кулагы жакшы  укпагандарды музыка менен дарылайт. Үн - угуучу нерв аркылуу эмес, сөөк аркылуу өтөт. Элчи менен министр кулагына бул жабдыкты салып, анын кантип иштерин өздөру угушту. Ошондой эле дагы бир жабдык кекеч балдарды жана аутизм, Даун кеселдери менен ооруган балдарга жардам берет. 

КММИнин өкүлү Назгүл Сулеймановнанын айтымында бул белек баа жеткис болуп саналат.

“Силер балдарга материалдык баалуулуктарды эле эмес, биринчи кезекте ден соолук тартууладынар” - деди ал. 

Борбордук Азияда жок жабдыктар келди

КР социалдык өнүктүрүү министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен жигердүү иштеп жатканын айтты. Кыргызстан 2019-жылы майыптардын жөлөкпулун жогорулатып, аларды багып, үйдө отурган энесине да жөлөк пулду чектеп беришкен. Учурда Жалал-Абад облусундагы эки реаблитациялык борбордун корпусундагы курулуш иштери да аяктап калды. Жылдагыга караганда быйыл  майыптар жүрүүчү коляскалар 3 эсеге көп сатылып алынды, андан тышкары майып адамдардын ден соолугун чыңдоо үчүн атайын санаторияларга жолдомолор 4 эсеге көп алышкандыгын министр Улугбек Кочкоров айтты. 

Ал эми Беловодскидеги реаблитациялык борборго берилген медициналык  мындай жабдыктар Борбордук Азияда да жок. 

Япон элчилигинин алдындагы “Чөптүн тамырлары жана адамдын коопсуздугу” программасы Кыргызстанда 23 жылдан бери иш алып барат.

-1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 155 долбоорду ишке ашырып, жалпы суммасы 1миллион 580 миң 648 доллар жумшалган. Бул программа адамдардын муктаждыктарын чечүү көйгөйүнө жумшалган,- дейт Кыргызстандагы Япониянын элчиси Сигэки Маэда.

Бул программа билим берүү, агартуучу мекемелерге көбүрөөк   көңүл бурат. Бул мекеменин кызматкерлери, мугалимдери кесиптик квалификациясын жогорулатып, жаңы ыкманы тажрыйба алмашууну мыкты билишет.

Маселен, Беловодскидег психоневрологиялык стационардык кызматкерлери ар кандай семинар, тренингдерге көп катышып турушат. Алар бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар менен иштөөдө адискөйлүгүнө мактана алышаарын айтат аталган мекеменин директору Светлана Такырбашева. 

Беловодскидеги психоневрологиялык стационар 1935-жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө бул мекемеде дарыланып жаткан 4 жаштан 18 жашка чейинки 215 бала бар.  Бул жердеги кызматкерлердин негизги максаты, дарыланып жаткан балдар өлкөбүздүн толук кандуу жараны болуп, эч нерсеге көз каранды болбой, өз алдынча  жашап кетүү. Бул жактагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көп нерсени үйрөнүшөт, билимге умтулушат, аракеттенишет. 

Балдар атайын коноктор үчүн концерт даярдап, тартуулашты. Алар бийлешти, ырдашты. Иш чаранын ачылуу аземине келген коноктор мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын талантына баа беришти. Ал эми ушул эле жердин тарбиялануучусу Аскар Япон элчиси Сигэки Маэдага өз колу менен жасаган сувенирди белек кылды. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер