Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Элдик курултайдын трибунасы акимдерди, губернаторлорду, мэрлерди мактоочу жай эмес”

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Элдик курултайдын трибунасы акимдерди, губернаторлорду, мэрлерди мактоочу жай эмес”

27-октябрь, 12:14
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бейшенбек мырза, курултайга бир эле делегат жыл сайын келе берсе болобу же алмашып турушу керекпи?

-- Бир эле делегат кайра-кайра келе бергени туура эмес, маселе чече албаса алмашып турганы деле оң. Айтайын дегеним, жакшы иштеп, делегат көтөргөн маселелер чечилсе, эл кайра шайлайт. Мисалы, Бишкек шаарынын Учкун жаңы конушунан делегат болгон Саадат Кусегенов деген бар. Курултайда бала бакча, көпүрө маселелерин көтөрдү эле, бала бакча салынып, көпүрө бүтүп жатат.

Бирок жыл сайын жаңылар келип кете бергени да жакшы эмес. Биз мыйзамдын долбоорун жазганда үч жыл деп көрсөткөнбүз, иштеп, тажрыйба алып, көтөргөн көйгөйүнүн аягына чыгып, элге отчётун берсин деген ойдо. Бирок Жогорку Кеңеш курултайдын колу-бутун кесип, бир күндүк кылып, кол чаап, сүрөткө түшүп кете бергиле деп койду. Тагыраагы, элдик курултай боюнча Конституциялык мыйзамда жазылган 9 негизги багытын (вазийпасын, милдетин) аткаралбай калды.

-- Курултайдын күнүнүн жылганы маселе жаратпайбы?

-Курултайды өткөрүү күнүнүн 22синен 25ине жылганы көйгөй жаратпайт. Эң негизгиси, президенттин убактысы болуп, өзү эки күн аягына чейин катышып, көйгөйлөрдү угуп, кээ бирин ошол эле жерден чечип берип жатат.

-- Курултайга жалаң “дүжүрлөр” чогулуп алат деген сөз жалганбы же чынбы?

-- Биринчи курултайдын шайлоосунда эл өздөрүнүн ичинен алып баруучуну, эсеп комиссиясын тандап, жыйынды өздөрү алып барып, демократиялуу түрдө өткөн, ошондо дүжүр” чалдар, балдар жок болчу. Экинчи курултайга шайлоо болгондо жергиликтүү депутаттар чогулушту алып барышкан. Ошондо чоң ката кеткен, депутаттар өздөрүнүн “агитаторлорун” шайлап, өткөрүп келишкен. Үчүнчү курултайга шайлоо болгондо акимдер өздөрү шайлоо чогулушуна аралашып, өздөрү башкарган. Ошондо дагы акимдердин, губернаторлордун “дүжүр” чалдары, балдары келип, элдик курултайда жогорку трибунадан аким, губернатор, мэрлерин макташкан, “жакшы иштеп жатат” деп. 

Элдик курултайдын трибунасы акимдерди, губернаторлорду, мэрлерди мактоочу жай эмес, мактоолорду өздөрүнүн жыйындарында айта берсин. Бул жерде мактоого болбойт. Курултайда элдин, мамлекеттин 50-100 жылда бара турган жолун, келечегин айтыш керек. Мисалы:

-- 10 жылдын ичинде электромобилге өтүү;

-- 15 жылда 30 жыл ичинде чет өлкөгө мигрант болуп чыгып кеткен 1,5 млн. элди жылына 100дөн завод, фабрика салып, Кыргызстанга көчүрүп келүү;

-- ар бир 5-7 жылда ГЭС салуу, жыл сайын 50дөн кичи ГЭС салуу, элди электроэнергия менен камсыз кылуу;

-- улуттук идеология мыйзамын кабыл алуу;

-- салттуу дин боюнча мыйзамдарды кабыл алуу;

-- улуттун ден соолугу, генофонду жөнүндө мыйзам кабыл алуу ж.б. ушундай келечек жөнүндө сунуштарды кабыл алыш керек.

-- Курултай эл менен бийликти жакындатып, чындап өз миссиясын аткарып жатабы же баары формалдуу эле түрдө өтүүдөбү?

-- Курултай негизинен Башмыйзамга кирди. Ошондой эле элдик курултай жөнүндө Конституциялык мыйзам кабыл алынды. Эң башкысы, элдик курултайда айтылган көйгөйлөр аткарылып, күнүгө Ала-Тоо-24төн көрсөтүп жатканы сүйүнтөт. Көч бара-бара түзөлөт дегендей, соцкөйгөйлөр чечилип, жаңы келе турган Жогорку Кеңеш элдик курултай жөнүндө мыйзамга кошумчаларды киргизип, Башмыйзамда жазылган 9 багытты аткарганга мыйзам жагынан жол берсе, келечекте элдик курултай институтунун келечеги кең болот. Элдик курултайга бир дагы НПО, бир дагы партия тең келе албайт.

Курултай:

1. Элдик бийлик.

2. Элдик кеңеш.

3. Элдик демократия.

4. Элдик көзөмөл.

5. Элдин үнү.

6. Ата салты, эл наркы.

7. Манас атадан калган мурас.

Башмыйзамда мурастарды сактайбыз, муундан, муунга мурас кылып өткөрүп беребиз деген жери бар, ошондон улам элдик курултай институту ишке ашышы керек. Курултай институту эл менен бийликтин ортосундагы дүйнөдөгү эң алгачкы демократиялуу эл башкаруунун жолу катары ЮНЕСКОдон кыргыз элинин атынан өтүшү шарт. Ал маселени биз көтөрсөк, көчмөндөр, түрктөр колдойт деген ойдомун.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер