Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Кеңешбек кызы, модель: “Кыш мезгили мен үчүн өзгөчө жомоктогудай мезгил”

Айпери Кеңешбек кызы, модель: “Кыш мезгили мен үчүн өзгөчө жомоктогудай мезгил”

31-декабрь, 12:00
1 010 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айпери, жакынкы күндөрү кандай ийгиликтерди жараттың? Кандай конкурстарга катыштың?

 -- 15-декабрь күнү “Жыл мыктысы–2024” иш-чарасын ордолуу Ош шаарында ийгиликтүү өткөрдүм. Жашоомдогу акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу сулуулар конкурстарынын баарын токтоттум.

-- Кыш мезгили сен үчүн кандай мезгил? Жаңы жыл сен үчүн кандай майрам?

-- Айланананын баары ак карга чулганып, сулуулук тартуулаган кыш мезгили мен үчүн өзгөчө жомоктогудай мезгил. Жаңы жылды негизи мен аябай деле майрам катары көрбөйм, бирок 2025-жыл – Жылан жылы менин мүчөл жылым экен. Ошондуктан быйыл жаңы жылды чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.

-- Үй-бүлөңдө, жеке жашооңдо кандай жаңылыктар бар?

-- Жеке жашоомдо, үй-бүлөмдө чоң жаңылык жана чоң өзгөрүү болду, көптөн күткөн кызыбыз жарык дүйнөгө келди. Учурда кызыбыз беш айлык болуп, энелик бакытка балкып турган кезим. 

-- Жылан жылында кандай өзгөрүүлөр болот?

-- Жылан жылында буюрса карьералык өсүштө чоң өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Себеби, азыркы учурда чоң долбоордун үстүндө иштеп жатам.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер