Таалайгүл Токтакунова: “Адилеттүү өкүм болсо, анда Курсан Асанов акталат!”
-- Таалайгүл айым, Курсан Асановдун соттук иштери кантип атат?
-- Азыр Курсан мырзанын соттук иштери Биринчи Май райондук сотто каралып атат. Биринчиси, Кой-Таш окуясы боюнча күбөлөрдүн баардыгы келишип, айтып бүтүп калышты, акырына жетип калдык. Алардын көрсөтмөлөрүнө таяна турган болсок, Курсан мырзага ал жерде тергөө органдары тарабынан абдан негизсиз айып коюлганы айдан-ачык көрүнүп турат. Сот кандай чечим чыгарат, азырынча айта албайбыз. Эгерде ошол күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен материалдарды жакшы талдап чыгып, адилеттүү өкүм болсо, анда Курсан мырза акталат.
-- Октябрь окуясычы?
-- Азырынча баштала элек. Улам-улам башка күнгө жылдырылууда. Бул боюнча баш коргоо чарасы менен алекпиз.
-- Дагы үчүнчүсү бар эмеспи, видеотасма боюнча?..
-- Ал иши азырынча сотко келе элек. Жактоочулар материалды “монтаж” деп экспертизага бергенбиз. Анын корутундусу Алматы шаарынан чыгып келет, күтүп атабыз.
-- Курсан мырзанын келинчегин да укук коргоо органдары суракка чакырып атышкандай болду эле...
-- Мурун финпол чакырып аткан. Азыр шаардык УКМК өзү чакырат. Иши ошол бойдон турат, эчтеке боло элек. Ден соолугу калыбына келүүсү көп убакытты талап кылат. Анткени, инсульт алган адам бир жума же бир айда жакшы боло калбайт да. Улам-улам приступ кармап, толук кандуу өзүнө келе элек. Акыркы жолу чакырышканда өздөрү деле ден соолугу начар экенин көрүштү. Ошол эле учурда ал иши созулууда...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити