Феликс Кулов: “Бүткүл дүйнөлүк банк менен салгылашабыз...”
-- Феликс ага, бу жолу сиздин “Ар-намыс” партиясын парламенттик шайлоодон көрбөй турабыз, себеби бардыр?
-- Ооба, көрбөй атасыздар. Биринчиден, бир жыл мурун партиябыз менен праймериз өткөрүүнү пландадык. Мындайча айтканда, партия ичинде шайлоого байланыштуу тартип жөнүндө. Билесиз, бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу элдин көп чогулушу тоскоол болуп праймериз болбой калды.
Эмне үчүн праймериз? Азыр баардык партиялар акчалууларды (“кошелёкту”) табат. Биз “мындай вариант болбойт, эл шайласын” дедик. “Партиянын лидери баардык маселени чечиш керек” деп атышат. “Маселени мен чечпейм, эл чечиш керек, эл шайласын” дедим. Мына ушул планымды ишке ашырууда коронавирус жолтоо болду.
-- Партиянын шайлоого деген программасы бар беле?
-- Кептин баары ушунда, ар бир партия шайлоого аттанып атканда программасы болуусу керек. Бизде ал программа даяр болбой калды. Мүмкүн жакынкы 20 күн ичинде андай программаны коомчулукка сунуштайбыз. Бул катардагы эле “кыйратабыз, жыргатабыз, сонун жашайбыз” деген куру сөздөрдөн турбайт. Эл аралык деңгээлдеги программа. “Биз акчаны табабыз. Эч кандай кредит жок, карызга белчебизден батпайбыз. Сырт жактан карыз албайбыз” деген принцип менен. Болбосо, биздин мамлекеттин сырткы карызы 5 млрд. долларга жетип калды.
-- Программанын өзөгү өлкөбүздүн сырткы карыздарына байланыштуубу?
-- Туура айтасыз, “канткенде мамлекеттин карызын ички ресурстар менен жойсо болот?” деген программа. Албетте, программабыз революциялык мүнөздө. Бүткүл дүйнөлүк банк менен салгылашабыз. 300гө жакын ар кыл иш-чаралар болмокчу. Күчтүү-күчтүү эксперттер менен иштешебиз.
-- Парламенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жатат. Сиздин партиянын электораты бар. Кайсы бир саясый партиялардан биригүү сунушу түштүбү?
-- “Эч ким менен барбайбыз” деп чечтик. Анткен менен аламанга аттанган баардык партияларга ийгилик каалайбыз!
Сурат Жылкычиев