Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүбүсара Рыскулова: “Кыз-келиндер көп эле зомбулук көрүп жатышат, бул ачуу чындык”

Бүбүсара Рыскулова: “Кыз-келиндер көп эле зомбулук көрүп жатышат, бул ачуу чындык”

27-сентябрь, 12:28
1 209 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га көп. Бул тууралуу үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси талкууланган жыйында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жылдан жылга үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын, мыйзам жер-жерлерде толук иштебей жатканына токтолду. Биз “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова эжеге кайрылдык. 

-- Бүбүсара эже, көп эле аракеттер көрүлүп жаткандай, бирок зордук-зомбулуктун саны дале өсүүдө го?

-- Бизге кайрылгандардын учугу эң эле көп. Азайды деп айта албайм. “Дин боюнча эки аял алыш керек” дегендер дагы жок эмес. “Аялдардын орду ашканада гана” деген кепти унутушпайт. Зордук-зомбулук статистикада белгиленгендей эле, азайган жок. Бул бир уюмдун же бир эки адамдын колунда эмес. Кыргызстандыктар, зордук-зомбулукка каршы турган адамдар “үй-бүлөдөгү чыр-чатакка макул эмеспиз” деп чыгуулары керек. Көбүнчө унчукпай отурушат. Бизге кээ бир учурда “силер аз адамдар эле кыйкырып жатасыңар, зордук-зомбулук жок, өздөрү күнөөлүү” деп кайра бизди күнөөлөп чыккандар бар. Кыз-келиндер көп эле зомбулук көрүшүүдө. Бул бүгүнкүнүн ачуу чындыгы.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер