Венера Осмонбетова, эксперт: “Биздин мамлекетке мигранттардын агымы көбөйө баштаганы байкалууда”


-- Венера айым, элдин баары эле “салыкты көтөрүп салды” деп айгайлап атышат. Ушу боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?
-- Биринчиден, салыктын суммасы көтөрүлгөн жок, бирок патенттик система акыйкаттуу эмес. Мисалы, киреше күнүнө 100 миң сом, а патент менен 1000-2000 сом төлөйт (миллион оборотуна карабай). Демек, Салык кодекстин 10-беренеси аткарылбай калды. Ушуга байланышту өкмөт бирдиктүү салыкты сунуштап атат. Башкача айтканда, “салык кирешенин негизинде төлөнсүн” деп. Эгерде тарифтер жөнүндө айта турган болсок, анда Салык кодексинин 423-беренесине ылайык нөлдүк ставкадан башталат. 8 миллионго чейин ККМ колдонгон салык такыр төлөнбөйт.
-- Ишкерлердин басымдуусу салыктын жогорулашына шылтап, чет мамлекетке кетип атканын айтышууда. Бу жагы анда кандай болуп калды?
-- “Ишкерлер салыктын жогору болгонунан улам өлкөдөн чыгып кетүүдө” дегенге кошулбайм. Эгер чет мамлекетке ишкерлер эле эмес башкалар да кетип аткан болсо, ар кандай себептер болушу мүмкүн: окуу, тажрыйба алмашуу, айлык акынын жогору болгону түрткү болуп аткандыр. Тескерисинче, биздин мамлекетке мигранттардын агымы көбөйө баштаганы байкалууда. Анын ичинде биздин жарандар Россиядан келип атышат.
-- “Көмүскө экономика” деген балээ бар эмеспи, буга карата өкмөт катуу чара көргөнү менен азайбай аткансыйт...
-- Чынында көмүскө экономика мурдагыдай эле калууда. Расмий маалыматтар боюнча бизде өзгөчө күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү 23%, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2015-жылга карата 50%, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча 2018-жылга карата 70%. Эң кызыгы, көмүскө экономика менен күрөшүүдө жалгыз өкмөттүн алы келбейт. Кыйынчылык жаратат...
-- Анда эмне кылсак болот?
-- Бу жерде калктын, ишканалардын, ишкерлердин салык маданияты, финансылык сабаттуулугу болушу керек. Мамлекетибиздин жалпы экономикалык өсүшүнө карата ой жүгүртүүбүздү, аң-сезимибизди өзгөртүү зарыл.











