Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сырттан карыз албай, экономиканы кантип өнүктүрсөк болот?

Сырттан карыз албай, экономиканы кантип өнүктүрсөк болот?

07-август, 18:31
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы убакта биздин өкмөт сырттан алган карыздарга эле үмүт кылып калды. Бул каражаттын баары убактылуу жана келечексиз. Азыр алынган каражатты бюджетке салып жеп алган соң, кийин кайтарууда кыйын болот. Бирок өкмөттүн сырттан алган каражатка гана үмүт кылып, аны бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатканын сындагандар да, өз сунушун жолдогондор да арбын.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:

-- Башка мамлекеттерге караганда биздин мамлекеттин экономикасынын, бюджетинин дээрлик көбү салыктан, анан бажыканалардан келет. Газ, нефтиге окшогон булактарыбыз жок. Ошого байланыштуу карантинде башка мамлекеттерге окшоп кошумча акча бере алган жокпуз. Россияда он миң рубль, Казакстанда 100 доллардан берип жатты. Анткени алардын нефтиден, газдан түшкөн запастары бар. Бизде болсо андай запас жок. Экинчиден, пандемия убагында алардын экономикасы отуруп калганы менен газ, нефтиден акча түшүп турду. Бизде баарын токтотуп койдук эле, ишкерлик дагы токтоп калды. Каражат түшө турган булактар дагы жабылды. Ошол эле кафе-ресторандардан, бажыдан түшө турган булактардын баары токтоду. Ошондуктан 30 миллиард сомго чейин кирешелер кирбей калды. Ошого байланыштуу сырттан карыз алууга мажбур болушууда. Эгер сырттан албасак, пенсия, пособие таратууда оорчулук жаралып, б.а. социалдык жарылуу болмок. 90-жылдардагыдай 2-3 айлап айлык күтмөй, айлыкты товар түрүндө бермей деген сыяктуу абалга келип калмакпыз. Дагы бир айта кетчү нерсе, биздин бюджетибизди пандемияга байланыштуу чектеп койсо болмок. Бизде 5-6 млрд. сомго чейин каралган атайын статья бар. Бул жерде жолдорду куруу, мектептерди куруу ж.б. нерселерди токтотуп коюп, сырттан келе жаткан товарларды анализдеп, Кыргызстандын өзүнөн чыга турганын колдонуп, экспортко пайдаланганда, өзүбүздүн ички экономикабызды бир топ көтөрүп алмакпыз. Жолдор, мектептер курулбай калмак, бирок башка жакшы иштер ишке ашмак. Мисалы, сырттан келген товарлар карантин учурунда жетишсиздикке айланды. Мунун баары өзүбүздөн чыга тургандай болгондо, экономикабызга бир топ түрткү болмок. Бизде экономиканы көтөрө турган көп булактар бар. Тилекке каршы, колдонбой келатабыз. Мисалы, энергетиканы деле газ сыяктуу сатса болот экен. Бул тармакты өнүктүрсөк болмок. Бир эле Камбар-Атаны карап отурбай, жогоруда белгилеген 6 млрд. сомду бул жакка жумшап, көптөгөн кичи ГЭСтерди курсак болот. Анткени суунун булагында отурабыз, бирок суубузду туура эмес колдонуп жатабыз. Бул жакты өнүктүрүп алсак, өз экономикабызды өзүбүз көтөрүп кетмекпиз. Бул жагы Афганистан, Индия, ары жагы Кытайга чейин сата турган кендерибиз да бар. Аларды да туура пайдалана албай, пайыздарын ала албай жаткан учурубуз. Эми пандемиянын кийинки толкундарына да даяр болуп, чоң кемчиликтерге жол бербешибиз шарт. 

Азамат Темиркулов, саясый илимдердин доктору, доцент:

-- Мен жаз айларында өкмөткө өз сунушумду бергем. Ошол сунуштарды өкмөт кабыл алып, ишке ашырганда, натыйжалар болот эле. Мен эле эмес башка адамдар дагы сунуштарын берип жатышты. Бирок, тилекке каршы, аларга өкмөт көңүл бурган жок. Азыр болсо узак мөөнөттөгү сунуштарды берүүнүн пайдасы жок. Учурда акыбал улам начарлап бара жатат. Абал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Менимче, өзгөрөт. “Биздин саясатыбыз жакынкы аралыкта өзгөрүп кетпейт” деп кепилдик бере албайбыз. Ошондуктан кыска аралыктагы экономикалык сунуштарды карап көрсөк болот. Эң негизги маселе – кышка кам көрүү. Башка нерсени айтуу азыр ыңгайсыз болуп калат. Анткени абал ошондой. Бизде эле эмес кошуна башка өлкөлөрдө деле абал ушундай туруксуз. Өлкөбүздө пандемияга байланыштуу элдин абалы начарлап жатат. Эл бийликке нааразы. Келе жаткан шайлоого тобокелдер абдан чоң. Саясый туруктуулукту кармап калышыбыз керек. Ошон үчүн көңүлдүн баары саясый коопсуздукка бурулушу шарт. 

Биздин башка өнөктөштөрдү, мисалы, Россияны алсак, бийликке каршы абдан чоң протесттер болуп жатат. Бир эле Хабаровский шаарын айтсак, ал жакта 600 миңдей адам жашаса, анын 100 миңи каршы болуп, “Путин кетсин” деп нааразычылыктарын билдиришүүдө. Андан сырткары, Беларуста да кырдаал ушуга окшош. Себеби, 9-августта аларда президенттик шайлоо болот. Лукашенкого эл нааразы болуп, “президентти алмаштырабыз” деген аракеттери күч. Лукашенко 25 жылдан бери бийликте отурат. Буга чейин мындай протесттер болгон эмес. Биринчи жолу ушундай өтө чоң нааразычылыктар болууда. Андан тышкары, Армения менен Азербайжандын ортосунда да жаңжал күчөп кетти. 

Жалпы Евразияда болуп жаткан абал да жакшы эмес. Афганистанда, айрыкча түндүк тарабында Тажикстан менен Борбор Азиянын чек арасынын жанында азыр куралдуу күчтөр көбөйүп, Борбор Азиядан чыккан согушчандар Борбор Азиядан, айрыкча Тажикстандан чыккан Сирия согушун көргөн исламисттер Тажикстандын чек арасына келип жайгашып алышкан. “Алардын кандай коркунучтары бар?” деген суроо туулбай койбойт. Кандай ой-максат менен келишкендери белгисиз. Ошондуктан Тажикстанда да абал курчураак. Өтө маани берип карап турушат. Жалпы биздин акыбалга да тобокелчиликтер көп. Азыр стабилдүү болгону менен ошол кошуна өлкөлөрдүн таасири тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан узак мөөнөттөгү экономикалык сунуш, пландар эффективдүү эмес. Менин өкмөткө биринчи эле кеңешим: коопсуздукка көңул буруулары керек. Экинчиден, күзгү, кышкы суукка даярдануу керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер