Акыркы кабарлар
» Саясат » Ахматбек Келдибеков жакында кайтып келеби?
Ахматбек Келдибеков жакында кайтып келеби?
04-февраль, 17:00
485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кандайдыр бир келишпестиктерден уламбы, саясый кысымдарбы, айтор, экс-спикер Ахматбек Келдибеков төрт ай мурда Кыргызстандан чыгып кетип, кайра кайтып келе элек. Элита чөйрөсүндө ар кандай ушак-айыңдар козуп келет. Андыктан бир тараптуу версияга байланбай туралы. Бизге жеткен кабарга караганда, жакында Ахматбек мырза мекенине кайтып келери болжонууда. Убагы келсе, айта турган кеп маанилүү болсо, өз оозунан угушубуз мүмкүн. Кээде саясатта көп нерсе ачыкка чыкпай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калган да жагдайлар жаралат. Эмесе, абай сала туралы. Ахматбек Келдибеков да оңой фигура эмес...
"Азия Ньюс" гезити