Шаршекүл Аманова: “Убагында абак азабын көргөн инсан катары өткөнүнө саресеп салса...”

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам жаш активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршекүл Аманованын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуусун гезит бетине берип коюуну эп көрдүк.
-- Бүгүн жолдошум Эрлан Бекчороевдин күнөөсүз камакта жатканына 87 күн болду. Андан бери Жараткандан гана үмүт артып калганыбызды Камчыбек Ташиев туйса керек деп ойлойм. Албетте, убагында абак азабын көргөн инсан катары өткөнүнө саресеп салып толгонгондур... Кудайга үнүбүз жетсе, пенде кайда качмакпыз. Камчыбек Кыдыршаевич айтмакчы, падыша баш болуп Кудай алдында баарыбыз окшош пендебиз! Дегеним, Камчыбек Ташиев бийликке келе электе Кемпир-Абад боюнча бийликке койгон талабына жолдошум Эрландын жана Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткан саясый туткундардын бийлик өкүлдөрүнө айткан сындары окшош. Демек, Камчыбек Кыдыршаевич бул ишти жакындан билген үчүн Кемпир-Абад боюнча ИИМдин жасалма токуган ишин УКМК жетекчиси катары токтотууну колго алды деп түшүнүп, үмүт арттым...