Каттардан үзүндүлөр. Кеч күздөгү гүлдөр эрте соолуйт...

ХХ кылымдын белгилүү германиялык жазуучусу Эрих Мария Ремарк өз жашоосунда керемет чыгармаларды калтырып кеткен. Ал жактырган айымдардын бири актриса Марлен Дитрих менен болгон сүйүүсү, ага арнап жазган каттары эң сонун чыгарма катары сакталып калган. Анда табигатты, сүйүүнү эң сонун сүрөттөп берген.
Дарактар шуудурайт. Чулгаган кара туман тарап баратат. Октябрь айынын жалбырактарынын, кечээги жамгырга сууланган жердин жыты буруксуйт. Күзгү асманга, күзгү булуттарга тигилип, күрөң түстүү пальтомду кымтыланып, скамейкада жапжалгыз үнсүз отурам.
Уйкудагы ак куулардын, чымчыктырдын кыймылы өлүү жымжырттыкты бузду. Дарактардагы саргайган жалбырактардын арасында көлөкө пайда болду. Бул күзгү тыйынчычкандардын көлөкөсү.
Карарган булуттардын арасынан анан сенин элесиң пайда болду. Сени элестеттим. Муздак, супсак, туман каптаган таңга кыпкызыл гүл ачылып чыккандай болду. Күзүндө, айрыкча кеч күздө гүлдөрдүн ачылганы сонун, керемет. Бирок ал гүлдөр тез соолуйт.
***
Назик жана сүйкүмдүү үнүң менен телефондо сүйлөп жаттың. Сенин үнүң менен кошо океандын шоокуму угулат. Океандын шоокумунан улам үнүң да үзүл-кесил болуп башка мекендин, башка алыскы жердин дабышы сезилет... Сен мага тезирээк кел. Бул жер мага өлүүдөй, кунарсыздай. Февраль айында сен келсең, мен бул китебимди тезирээк аяктоого аракеттенишим керек. Сени күтүп алышым керек.
Мага ар кандай түштөр кирет. Уктап ойгонуп көзүмдү ачам да, сенин бар экениңди эстейм. Эстейм да бир жылуулук жандүйнөмдү уялайт.
Назик таңкы жылдыздар караңгы түнт токойдон атылган снаряддардай жыбырайт. А менчи?.. Сенсиз убакыт өтпөйт. Айланамдын баары кунарсыздай. Эч кандай кубаныч жок. Капысынан толкундар толкуп, чөптүн, деңиздин жыты келет. Кайрадан толкундар сен жөнүндө кабар берет. Андан башка бактылуу ирмем издеп таба албадым. Сен жанымда болсоң жинди кылган жалгыздыкты жандүйнөм менен сезип, мынчалык кыйналбайт элем. Бир гана сени көрсөм болду. Башка оорулардын баары жанымды оорутпайт. Сен дагы мен тууралуу ойлонуп, мени сагынып жатканың кандай бактылуу сезим. Бактылуу меланхолия. Бул жарыкчылыкта бир гана өлүм бактысыздык.
***
Канча күндөр артта калып баратат... Менин сүйүү азабын тарткан күндөрүм аяктап баратат. Жамгыр каптаган туман булуттар менен кошо көчүп, өз табытына жакындайт. Рождество майрамынын алдында бул кат сенин колуңа тийет. Ошондо экөөбүз өткөргөн бактылуу күндөрдү дагы бир жолу эстээрсиң. Мен сени бул жарык дүйнөдөгү Жараткан мага тартуулаган белегимдей көрөм. Сага мендей жанып сүйгөндү үйрөткүм келет. Сен жанымда болгондо караңгы түн жарыктай, кайгы бакыттай сезилет. Өлүм жоктой сезилет.
***
Люксембург паркы жаан алдында шөмтүрөйт. Шопендин жана Гейненин бейиттери. Суу болгон, жамгырга чыланган жалбырактар бут алдыда тебеленет.
***
Жок. Биз өлбөйбүз. Убакыт гана өлөт. Шайтан алгыр убакыт. Ал тынымсыз өлөт. А биз жашайбыз. Эч өзгөрүүсүз жашайбыз. Бир ойгонсоң айланаңда жаз, кайрадан күз. Эгер биз бири-бирибизди сүйсөк, түбөлүктүү тирүүбүз жана өлбөспүз. Кубанычтуу ирмемдер мына ошол чыныгы жашоо. Ал түбөлүктүүлүккө жакыныраак...
"Азия Ньюс" гезити