Скульптор Тамила Маматова образды ачып бере алган эмес


Борбордук аянтка тургузулган Манастын айкели коомчулукта талкуу жаратып, сын-пикирлер курчуду. Асыресе, шакаба кылгандар, мыскылдагандар да арбын. Алгач бул боюнча белгилүү сүрөтчү, скульпторлор да нааразычылыктарын жаратышып, бийликке кайрылуу жасашкан эле, бирок эч кандай майнап чыккан жок.
Бир караганда Манастын көрүнүшү Калмакстандагы айкелге окшоп калганын да салыштырып айтышууда. Ат чаап бараткан жеңил-желпи баладай сыпатталганы байкалат. Руху бийик, салмактуу, баатыр мүнөз даңкы ачылбай калганы өкүнүчтүү. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына тургузулуп аткан соң, Манастын образы жогорку деңгээлде чагылдырылып, сүрү, сыры менен ажайып дүйнөдөй көрүнүшү керек эле. Тилекке каршы, анын жакындан алгандагы түспөлү Сооронбай Жээнбековго окшоп калганы да күлкү келтирет. Ооба, эрксизден жылмаясың. “Соке эстелик” деген лакапка калбаса экен.
Негизи мындай мамлекеттик деңгээлдеги саамалыкка жети өлчөп, бир кескендей мамиле жасалышы керек болчу. Эгерде жаңы идея таба алышпаса, эң жок дегенде Сагымбай, Саякбайдын китептериндеги Манастын образдуу сүрөтүнө окшоштуруп жасашса деле жарашмак. Ошентип, ичи чыкпагандар арбыды. “Төө кыядан кеткен соң, оо дегениң курусун” демекчи, айтор, калпыстыкка кантип унчукпайсың? Айкелдин автору, скульптор Тамила Маматова тарыхый ката кетиргени талкууга алынууда. Улуттук баалуулуктарыбыздын көч башы Манаска мындай мамиле жасалып жаткандан кийин башканы айтып не кыласың? Идеологиянын аксаганы да ушул жерден кашкайып турбайбы! Ооба, өкүнүчтүү. Эл каймактары четке сүрүлгөн заманда ушундай болмокчу...
"Азия Ньюс" гезити











