Шайлоого нааразы саясатчылардын биригүүсү, ызы-чуусу убактылуу болчу

Бул парламенттик шайлоо көз караштары ар башка, бири-бири менен тирешип жүргөн саясатчыларды убактылуу баш коштурду. Мисалы, “Ата Мекенден” Өмүрбек Текебаев, “Азаттыктан” Исмаил Исаков, “Социал-демократтардан” Алмазбек Атамбаевдин балдары, “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов. Партиялардын кожоюндары менен айрым талапкерлер бийликке сын-пикир айтышты. “Шайлоону тааныбайбыз, кайра өтсүн!” деген сыяктуу чакырыктарга күбө болдук. Серверден, техникадан мүчүлүштүктөр кетти. Экран өчүп, баардык партиялардын добуштары азайып калгандан кийин чатак ырбай баштады. Мындай шартта президент Садыр Жапаров тазалык, тактык үчүн ар бир добушту кол менен санатууну айтып, күмөндүү көрүнүштү ачыктаганга багыт берди. Натыйжада, калган жыйынтыктар баарына белгилүү да. Биз эмнени айталы дедик? Жогорудагы партиялардын лидерлери, талапкерлери аягына чейин күрөшө алышпаганын, алгачкы күндөрү эле утурумдук ызы-чуу жаратышып, аягында тарап кетишерин байкап атканбыз. Али кызыктар алдыда...
"Азия Ньюс" гезити