Асел Кодуранованын адамдык сапатын баалаган генералдын калыстыгына баракелде!


Аз күн мурда таасирдүү генерал, полковниктер Кой-Таш окуясы боюнча учкай талкуулашып, эки достун айынан милиция менен элдин кагышканын, мамлекеттик саясатка доо кеткенин айтып отурушту. Атамбаев менен Соке өз алдынча чечишип алышканда, коогалаң, жоготуулар орун албайт эле. Канча адамдар жабыркашты? Мына ушул өңүттө сөз уланып, ошол Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп аткан Асел Кодуранованын анчалык деле күнөөсү жок экени, болгону Атамбаевди сатпаганы үчүн интригага аралашып, жабыр тартып келатканы эске алынды. Бул жагынан бир топ сырлар учкай удургуп барып токтоду. Узун бойлуу генерал калыс адам эмеспи, Асел айымдын адамдык сапаты бийик экенин, түз жүргөнүн, саясаттын гана курмандыгы болуп атканын жашырбады. Демек, келечекке карай акыйкат орун алса, кимдин ким экени толук кандуу ачыкталса керек...
"Азия Ньюс" гезити











