Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Алимбеков, ЖК депутаты: “Жайкы эс алууда бош отурбай эл менен иштейм”

Нурбек Алимбеков, ЖК депутаты: “Жайкы эс алууда бош отурбай эл менен иштейм”

29-июнь, 11:26
460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурбек Каарыевич, социалдык тармактардан депутат катары жасаган ийги иштериңиз жөнүндө көп окуп калабыз. Быйылкы жылдын эсебинен эл үчүн эмне эмгек жасай алдыңыз?

-- Негизи, жергиликтүү бюджеттин акчасы жетпегенине байланыштуу бизге социалдык объектилерди куруу маселесине байланыштуу көп кайрылышат. Быйылкы жылдын эсебинен Мады айыл өкмөтүндө, Кыргыз-Чек жана Чагыр айылында эки бала бакча курулуп башталды. Ал эми Кызыл-Тал айылына мектептин долбоорлук документтери даярдалууда. Мурдагы Шарк, азыркы Датка айыл өкмөтүндөгү Медресе айылында мектептин курулушу башталуу алдында турат. Ошентип, менин округумда эки мектеп курулууда. Папан айыл өкмөтүндө Жээналы Шериев мектеби жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет. Кыргызстан айылындагы мектеп да бүтүү алдында. Жол боюнча да өкмөт биздин кайрылууларыбызды четке какпай, планга киргизип берүүдө. Мисалы, Папан айыл өкмөтүндө 7,5 чакырым жол курулуп жатат. Жакында эле Алчалуу айылында 3 чакырым жолдун ачылышы болду. Мады, Датка айыл өкмөттөрүнө дагы ички жолдор боюнча өтүнүч бергем. Аларды капиталдык салымдар боюнча карайбыз деп азыр өкмөттө титулду жасап жатышат.

-Мыйзам чыгаруу жаатындагы иштерге да токтолсоңуз?

-Мен демилгелеген Жол фонду боюнча мыйзам жолдорду өнүктүрүүгө жакшы салымын кошуп жатат десек болот.

-Бир жумадан кийин эс алууга чыгасыздар. Эл менен жолугушсаңыз керек...

-Биринчи иретте курулуп жаткан объектилерден кабар алам. Көйгөйлөрдү угуп, сентябрда кайра келгенде элдин үнүн жеткирүүгө аракет кылам. Жайкы эс алуу учурунда деле бош отуруп албайм. Телефон деген бар. Кайсы объектилер эмне себептен токтоп турганын аныктап, жылдырганга далалат жасайм.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер