Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыз” деп үйлөнгөн аялым эки жыныстуу болуп чыкты...

“Кыз” деп үйлөнгөн аялым эки жыныстуу болуп чыкты...

22-август, 15:36
3 590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу редакция, сиздерге сырым менен бөлүшүүнү туура таптым. Өзүмдүн кесибим котормочу. Албетте, атымды өзгөртүүгө туура келди. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм...

Биз интернет аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир жылдай виртуалдык сүйүүбүз уланды. Мен Россиядан келип, Жайна менен жолуктум. Чындыгында ойдогудай экен. Назик, сулуу, түшүнүктүү дагы. 

Ошентип, эки ирет көрүшүп, үчүнчү жолу жолукканда ала качып кеттим. Жайна негедир каршы болуп, “азыр эрте” деп аябай чыйпылыктады. Болбой койдум. Анан нике түнүбүздө мен катуу кызып калыптырмын. Түн ортосунда экөөбүз кошулдук. Бир нерсе кошо урунуп атканы байкалган. Жанкумарына батып, бирок, караңгы болгондон кийин аялымдын алаасындагы сороктогон нерсеге таңгалып, “бирдеме байлап алганбы” дегендей түшүнбөй жатып, уктап кетиптирмин...

Эртеси күнү Жайна уялыңкы болуп, мага тик карай албайт. Баш жазып, кайра үйгө кирип, экөөбүз өзүнчө сүйлөшүүгө туура келди. Аялым баарын айтып берди, атургай эки жыныстуу экенин да көрсөттү. Денем дүркүрөп, кирерге тешик таппай калдым... “Мени кетирбечи?” деп ыйлады...

Өң-келбети, жүрүм-турум, үнү, айтор, баары аялдык мүнөзгө ээ. Чырайлуу. Болгону ашыкча гана органы бар. Учурда жашап жатабыз. Эмне кыларымды билбей, үч уктасам түшүмө кирбеген окуяны жазып отурам. Сиздер менен сырымды бөлүшсөм, балким жеңилдеп, кеңеш алып, бир жолун табамбы?..


Дамир

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер