Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адиль Турдукулов: “Президент өзгөчө абалга таянып, антикризистик өкмөттү түзүүсү зарыл”

Адиль Турдукулов: “Президент өзгөчө абалга таянып, антикризистик өкмөттү түзүүсү зарыл”

09-июль, 01:44
1 356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адиль, ооруган адамдар көбөйүүдө. Ден соолук жакшы элеби?

-- Мен дагы пневмония дартына кабылып, “башка адамдарга жуктурбайын” деп үйдө изоляцияда капельница, антибиотик алып жатам.

-- Бекем ден соолук каалайм! Тезирээк сакайып ал...

-- Рахмат!

-- Алмазбек Атамбаев да пневмония дартына кабылып, ооруканага түшкөнү кабарланган. Абалы боюнча маалымат жокпу?

-- Буга чейин укук коргоо органдары “Атамбаев, башка убактылуу жайларда жаткан адамдардын ден соолугу дурус” деп айтып келген, андай эмес экенинин эми ынанып жатабыз. Саясый туткун Равшан Жээнбековго да пневмония жугуп, СИЗОдо ооруп жатканы кабарланды. Муну менен органдар элдин башын айлантып, калпты таратып жаткандыгынын белгиси. Азыр Атамбаевдин абалы кандай экени бүдөмөк...

-- Соңку убактарда Атамбаевдин камактан чыга турганы боюнча имиштер айтылууда. Сырткы өлкөлөрдүн кийлигишүүсү мүмкүнбү?

-- Мындай сөздөр айтылып жүрөт, бирок буга негиз жок деп ойлойм. Андай болсо Акүй калган Кой-Таш окуясына күнөлүү катары атагандарды чыгарып, акташ керек болуп калат. Муну менен бийликтин Кой-Таштагы болгон, августтагы чабуулу туура эмес экенин тастыктайт, андай болсо укук коргоо органдарынын башчыларын өздөрүн соттош керек болот. Кийинчирек болсо “Атамбаевди мыйзамсыз чыгарды” деп, Жээнбековдун өзүн күнөөлөп башташы мүмкүн. Ошондуктан Кремлдин кандай басым болбосун биздин азыркы төбөлдөр буга барбайт го. Москва деле шайлоо алдында анчалык басым кылууга кызыкдар эмес, анткени, алар деле Кыргызстандын ичиндеги чыңалып жаткан абалы менен тааныш... 

-- Камактагы саясый туткундардын ден соолуктары боюнча кабар барбы? Алардын бүгүнкү абалдары жакшы элеби?

-- Жазаларды аткаруу кызматы чындыкты жашырганга эле маш. Булар саясый негизде абакта жаткандарга өзгөчө көзөмөл түзүп, “тышкы дүйнө” менен толук байланышты үзгөнгө күчүн жумшап жатышат. Тараткан пресс-релиздери бир эле адвокаттар менен кайым айтышуу болуп калды. А чынында пенитенциардык системасына имараттардын ичинде жел жүрбөгөнү, медициналык жардам менен санитардык шарттын начардыгы, камакта отургандардын санынын ашыкчалыгы сыяктуу кыйынчылыктар мүнөздүү экени, мындай жагдай жугуштуу оорулардын жайылышына алып келери белгилүү. Ошондуктан саясый иштерге тиешелүү, коомчулукка коркунуч туудурбаган адамдарды, Каныбек Осмоналиев сыяктуу үй камагына чыгарып турса болмок. Ал эми чуулгандуу, көп киши чогулган саясый иштерди кароону да оорунун жайылышы толук токтогончо коё туруш керек.

-- Пандемиянын курчуп кеткенине байланыштуу эл менен Акүйдүн ортосунда ажырым, чыңалуу башталганын көрүп атабыз. Бийлик кескин түрдө чечкиндүү кадамдар менен коомчулук астында упай ала алабы? Бул жааттан кандай өзгөрүүлөргө барышса болмок?..

-- Коронавирус илдети бийлик институттары эмес, эски, Атамбаев кошо алып кете албаган, чимкирик, эски “илитадан” таптакыр тажап, түңүлүп, аларды көргөндө итиркейи келген абалга кептелдик. Жарым жылда бир оорукана салып, иштете албаган бийликтен үмүт деле калбай калат экен. Ошондуктан эл популисттик кыймылдарды колдоодо. Биз азыр баарыбыз моралдык лидерликти күтүп жатабыз. Бул Сооронбай Жээнбековдун күнөөнү башка бийлик органдарга оодарбай, эл башынан өткөрүп жаткан кыйноону өз жонтериси менен сезип жатканын көрүп, ишенишибиз керек. Буга чейин эл өкмөттү күнөөлөп келсе, азыр курч сын-пикир президенттин өзүнө айтылып баштады. Ошондуктан президент өзгөчө абалга таянып, элден мандат алып, антикризисттик өкмөттү түзүүгө бел байлаш керек. Ал курамдын ичинде утурумдук шайлоого умтулбаган, мамлекетчил инсандарды тартуу зарыл. Андай адамдар арабызда аз эмес!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер