Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Сарлыкбек уулу: “Айыл чарбасы аркылуу экспортту жана ИДПнын көлөмүн көтөрүп, өлкөгө бакубатчылык алып келсек болот”

Темирлан Сарлыкбек уулу: “Айыл чарбасы аркылуу экспортту жана ИДПнын көлөмүн көтөрүп, өлкөгө бакубатчылык алып келсек болот”

04-апрель, 19:30
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүгүнкүдөй түрдүү химикаттарга сугарылган азыктар үстөмдүүлүк кылган заманда, биздин экологиялык таза азыктарды өндүрүп, экспортко чыгарып, экономикабызды өнүктүрүүгө сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Көптөгөн чет өлкөлөрдө болуп кайттыңыз. Идеялар, кеңештериңиз болсо бөлүшсөңүз?

-- Биз тоолуу өлкөбүз. Алдын чукубай эле үстүнөн берекет тапсак болот. Тоолорго тик учак менен жапайы мөмө-жемиштин түрлөрүнүн уругун чачып салса, эл өзү терип, экспорт кылчуларга сата бермек. Сингапур, Гонконг, Куала-Лумпур, Дубай, Токио, Катар сыяктуу бакубат жашаган өлкөлөргө, шаарларга бизде экологиялык таза, бирок аларда өспөгөн жер-жемиштерди кымбат баада экспорттоо менен мамлекетке дагы көп каражат кирмек. Мисалы, жогоруда аталган жерлерде карагат, кулпунай сыяктуу мөмөлөрдүн килограммы 40-50 доллардан жогору турат. Тоонукун дагы кымбат сатууга мүмкүн. Мисалы, бал боюнча бул ыкма ишке ашып жатат. Бизде баасы 4-5 доллар болгон бал жогорудагы жерлерде 115-130 доллар турат.

Өлкө өнүгүп, эл жакшы жашашы үчүн өлкөнүн ички дүң продукциясын көтөрүш керек. Башкача айтканда, өлкө ичиндеги өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөрдө айланган акчаны көбөйтүү зарыл. Биз 1 кг картошканы 10 сомго өндүрүп, 15 сомго сатып, же 1 кг төөбуурчакты 50 сомго өндүрүп, 60 сомго сатып, же болбосо бир көйнөктү 500 сомго тигип, 600 сомго сатып отура берсек, өлбөгөн күн өтөт, бирок бакубат өлкө кура албайбыз.

Көбүбүздүн колубуздагы 1000-1500 доллар турган телефондун өндүрүлүшү үчүн сарпталган каражат 100-150 доллар эле турат. Демек, 1000-1500 доллар турган телефондо 100-150 доллар кара күчтүн наркы, калганы акыл жана билим, илимдин баасы. Өнүгүп жаткан өлкөлөр ушинтип ички дүң продукциясынын көлөмүн көтөрөт.

Бүгүн “тышкы карызыбыз 6 500 000 000 доллардан ашты” деп чачыбызды жулуп атабыз. Биз карыздын көптүгүнө эмес, акылдын, билимдин, жөндөмдүн, таланттын аздыгына кайгырышыбыз керек чынында. Ички дүң продукциясы көп өлкөлөр үчүн биздикиндей карыз кеп эмес. Жылына 8 500 000 000 доллар ички дүң продукциясы болгон биздин өлкө үчүн жогорудагы карыз көп. Бирок Голландия сыяктуу өлкөлөр үчүн бул көлдөгү тамчыдай эле. Мисалы, Голландиянын 930 миң гектар айыл чарба жери бар, жылда 95 000 000 000 доллар айыл чарба өнүмүн экспорттойт.

Кыргызстандын айыл чарба жери 1 300 000 гектар, же Голландияныкынан 28%га көп, бирок айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 300 000 000 доллар эле же Голландияныкынан 316 эсе аз. Биздин жалпы импортубуз 4 500 000 000 доллардан ашык жана жалпы экспортубуз 1 500 000 000 долларга жакын. Ортодогу олчойгон айырманы жоймоюнча, акыбал оорлошо берет.

Бүгүн азык-түлүктүн сапаты жоголуп, ден соолук маанилүү болуп турган заман. Сатып алуу жөндөмү жогору адамдар кымбат болсо дагы таза азык издешет. Өзүм кыдырып көргөн 70тен ашык өлкөдөгү 150дөн ашык чоң шаарлардан алган маалыматтарыма таянып, бизде экологияны да сактап, айыл чарбасы аркылуу экспортту жана ички дүң продукциянын көлөмүн көтөрүп, элге дагы, мамлекетке да бакубатчылык алып келсе болоруна толук ишенем.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер